Каржы министри Акылбек Жапаровдун билдиргенине караганда, АКШ мындан тышкары «Манас» аба майданындагы аба-аскерий базасына байланыштуу Кыргызстанга ЮСАИД аркылуу кошумча жардам көрсөтүүнү убада кылууда. Канттагы Орусиянын аскер базасы менен келишим түзүлбөгөндүктөн ижара акыдан бюджетке каражат түшпөйт. Жапаровдун айтымында, Орусия Кыргызстандын коргоо министрлигине 2,5 млн долларга аскерий жабдуу бермей болду. Буга байланыштуу эки өлкөнүн министрлери макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу министр Жогорку Кеңеште бюджетти талкуулоо учурунда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. (BuS)