Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛДЫН БЮДЖЕТИН БИРИНЧИ ОКУУДА КАБЫЛ АЛДЫ


Бүгүн Жогорку Кеңеш быйылкы жылдын бюджет долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Бюджет эми дагы эки окуудан өтүүгө тийиш. Андан кийин президентке кол коюуга жиберилет.

Быйылкы жылдын бюджет долбоорун талкуу дүйшөмбү күнү башталган. Бүгүн депутаттар каржы министрине суроолорду берүүнү улантып, андан кийин жарыш сөзгө чыгышты. Талкуунун соңунда премьер-министр Азим Исабеков чыгып, парламенттин салык жана бажы төлөмдөрү боюнча комитетти сунуштаган параметрде бюджетти кабыл алып берүүнү өтүндү:

-Биз бүгүн 1 миллиард 300 миллион сомго көбөйтүүнү сунуштап жатабыз. Жыйынтыгында биздин пикирибиз фискалдык комитет менен дал келүүдө. Ошондуктан биз фискалдык комитет сунуштаган параметрде бюджетти бекитип берүүнү сурайбыз.

Фискалдык комитет өкмөт сунуштаган долбоордун киреше бөлүгүнө 1 миллиард 470 миллион сом кошуу сунуштаган.Бирок бул вариант жетиштүү добуш ала алган жок. Ошондуктан төрага Марат Султанов бюджет жана финансы комитети сунуштаган долбоорду добуш берүүгө койду. Анда бюджеттин кирешесин 2 миллиард 880 миллион сомго көбөйтүү каралган.

Депутат Темир Сариев бул суммага дагы кошумча 400 миллион сомду кошууга үндөдү. Бирок ал колдоо тапкан жок. Кайталап добуш берүүдө депутаттар бюджет жана финансы комитети сунуштаган долбоорду жактырышты. Ага ылайык бюджеттин киреше бөлүгү 2 милилард 880 миллион сомго көбөйтүлдү.

Ошону менен мамлекеттик бюджеттин кирешеси 28 милилард 582 миллион сом деп чектелди. Ал эми чыгашасы 34 миллиард 533 миллион сом деп белгиленди.

Быйылкы жылдын бюджет долбоорун талкууда депутаттар тарабынан аткаруу бийлигинин дарегине карата бир катар сындар айтылды. Депутат Темир Сариев буларга токтолду:

-Ушул трибунадан туруп президент Бакиев жакын арада бюджетти эки эсеге көторөбүз деп айткан. Андан кийин биринчи вице премьер министр келип жакын арада бюджетибиз 40 миллиардка жетет деген. Андан бери эки жыл өтүп, үчүнчү жыл кетип баратат. 40 миллиарддын карааны да жок.

Ал эми Муратбек Мукашев мындай ойлорду айтты:

-Эң маанилүү маселе биздин киреше булактарыбыз. Кыргызстанды жакыр өлкө дейт. Бирок табыйгат байлыктары боюнча биз эң бай 20 өлкөнүн катарына киребиз. Алтын жөнүндө көп сөз болуп жатат. Ошондуктан бүгүнкү күндө Кумтөргө кайрылууга убакыт келди. Жогорку Кеңеш бул маселеде бекем позицияда болуш керек. Эгерде биз Кумтөрдүн 30% алтынына ээ болгонубузда 54 тонна алтыныбыз болмок. Ал деген 1 миллиард 200 миллион доллар. Ошондуктан өкмөт да бул маселеде принципиалдуу болууга тийиш.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG