Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:11

БЕЛАРУС ОППОЗИЦИЯСЫНДАГЫ АРАЗДАШУУЛАР


Нарын АЙЫП, Прага Минск менен Маскөө ортосундагы мамиледе жарака кетип, Батыш мемлекеттери менен мурда бузулган мамилени Беларус президенти Александр Лукашенко оңдоого аракет кылып жатканда өлкө оппозициясынын саясаты өзгөчө мааниге ээ. Бирок дал ушул мезгилде Беларус оппозициясында катуу чатак чыкты.

Беларустун көз карандысыз кесиптик уюмдары март айында оппозициялык күчтөрдүн конгрессин өткөрүүгө даярданууда. Ага Демократиялык күчтөрдүн Саясий кеңеши да катышат жана ал Кеңеш январда өз жетекчисин алмаштырууну сунуш кылды. Кеңештин айтымында, анын жетекчилигине улам жаңы адам келип, ал алмашылып туруш керек.

2005-жылдан бери Кеңештин төрагасы болуп келген Александр Милинкевич андай сунушка каршы чыкты жана 19-мартка белгиленген конгресске катышпай турганын билдирди: "Мен атаандаштыктан коркпойм жана жетекчилик орун үчүн кайрадан күрөшүүгө даярмын, бирок жетекчи алмашылып туруш керек дегенге каршымын. Анткени ротация деген - эч кандай жетекчи жок жана ар бир адам жетекчи дегенди билдирет, ар бир адам эки айга төрага болуп, үч жылда кайра жетекчиликке келет. Бирок бардык күчтү бир муштумга жыйнабаса, мындай ыкма менен диктатураны жеңүү мүмкүн эмес", - дейт Милинкевич.

Коммунисттик партиянын лидери Сергей Калякиндин айтымында, Милинкевич кайра шайланбай калам деп коркуп жатат: "Менин пикиримде, бул адам жөн гана мени конгресс колдобой коет деп коркуп жатат. Ошондуктан ал мелдешке катышуудан да баш тартты. Мелдештен качуу туура эмес", - дейт коммунист Калякин.

Байкоочулардын пикиринде, мартта өтө турган конгрессте Бириккен жарандык партиянын төрагасы Анатолий Лябедка оппозициянын башчысы болуп шайланышы мүмкүн. Анын өзүнүн пикиринде болсо, бириккен оппозициянын жетекчиси азыр жок: "Азыркы учурда бириккен демократиялык күчтөрдүн жетекчиси расми түрдө дагы, чыныгы түрдө дагы жок. Мүмкүн Милинкевич - саясаттан кайрадан жарандык коом секторуна кетип калууну чечти", - дейт Лябедка.

Беларустун Элдик майдан партиясынын төрагасы Винцук Вячорканын айтымында, оппозиция ичиндеги мындай чатак бардык мүчө уюмдарга зыян тийгизет: "Милинкевич катышпаган конгресс бириккен демократиялык күчтөрдүн конгресси болбой кала турганын биз түшүнөбүз. Бирок Милинкевич өзү дагы андай бириккен демократиялык күчтөрсүз улуттук лидер боло албайт", - дейт Вячорка. Анын айтымында, өз ара араздашууларды чечип алыш үчүн, конгрессти май айына чейин калтырыш керек.

2005-жылдын октябрында оппозициянын атынан президенттикке бирдиктүү талапкер болуп шайланганга чейин Милинкевич кеңири белгилүү эмес болчу, бирок аны Батыш мамлекеттери дароо колдоого алды. Былтыр 19-мартта өткөрүлгөн шайлоодо ал 6 гана пайыз добуш чогултуп, Александр Лукашенкого утулду, бирок көз карандысыз байкоочулардын пикиринде, шайлоонун жыйынтыктары бурмаланган. Былтыр октябрда болсо Европа Парламенти Милинкевичке Сахаров сыйлыгын ыйгарды.

XS
SM
MD
LG