Дүйнөлүк Банктын Борбор Азия иштери боюнча жаңы директору Аннет Диксон кечээ президент Курманбек Бакиев менен жолугушууда ушундай пикирин билдирди. Жолугушууда президент Дүйнөлүк Банк өкүлүнүн көңүлүн айыл жериндеги жумушсуздукка, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө бурду. Аннет Диксон таанышуу сапары менен Кыргызстанга 19-февралда келген. (BuS)