Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:21

ЖЕРҮЙ АЛТЫН КЕНИН ТАЛАШКАНДАРДЫН ЧЫР-ЧАТАГЫ КҮЧӨДҮ


Жерүй кенине бараткан жолду тосуп турушкан митингчилер облустук бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүдөн кечээ баш тартышты. Алар экс-премьер- министр Феликс Куловдун, азыркы өкмөт мүчөлөрүнүн келишин талап кылышууда. Облустун губернатору бул акцияны мурдагы «Талас Голд Майнинг» компаниясы атайын уюштуруп жатат деп “Азаттыкка” билдирди.

Нааразы тарап менен жолугуу үчүн губернатордун биринчи орун басары Акбаралы Карабаев менен Талас райондун акими Канат Нартаев акция өтүп жаткан жерге кечээ барышкан. Бирок нааразылык акциясында турган Бекмолдо айылынын 300дөн ашык тургуну келгендерге ишеним көрсөтүшкөн жок.

Митингчилердин бири Улукбек Осмоновдун
“Азаттыкка” билдиргенине караганда, акцияга чыккандар Жерүй маселеси боюнча түп-тамырынан бери маалымат бериш үчүн өкмөт мүчөлөрүнүн, экс-премьер-министрдин келишин талап кылып жатышат:

- Алтынга тиешелүү экс премьер-министр Феликс Кулов, жаңы премьер-министр, депутат Шерниязов, "Кыргызалтындан", Госкомгеологиядан Жапаровдор келсин. Кулов эмне үчүн кол койгон, ошону келип айтып берсин.

Элдик кеңеш кыймылынын теңтөрагасы Сагынбек Момбеков болсо чатактын чыгышына “Оксус голд” компаниянын лицензиясынын алынып салынышы менен байланыштырат:

- Биздин кыргыз эли карыз болуп атат. Мурунку компания 3 миллионго жакын акчаны моюнга коюп атат. Чет мамлекеттик сотто алар жеңип кетсе ошол карыздын бары кыргыз элинин мойнуна түшөт. Басып алуучулук жол менен басып алгандан кийин соттон да артык нерсе болбойт. Алар баары бир туура чечиш жолуна түшүш керек. Мен кыргыз элинин карызын көбөйткөнгө каршымын, - деди элдик ырчы Сагынбек Момбеков.

Ал эми облустун губернатору Байымбет Мураталиев нааразылык акциянын артында «Талас Голд Майнинг» компаниясы турат деп болжойт:

- Мен коркпой айта алам, «Талас голд майнинг» компаниясынын адамдары улам-улам эле үмүттөнүп атат. Элдер күнүгө экиден кой союп жеп жатып атат, же ошолордо эле ашык акча бар дейсиңерби?

Облус губернатору кырдаал курчуп кетсе, Жерүй алтын кенин иштетүүгө мындан ары бир да инвестор келбей калышы ыктымал деп чочулоодо.

Кыргыз өкмөтү мындан он ай мурун «Глобал Голд» компаниясына лицензия берген. Жаңы өкмөт башчы Азим Исабеков Жогорку Кеңеште кечээ бул компания өкмөт койгон шарттарды аткарбай жатат деп билдирди.

Ушундай эле себеп менен кыргыз өкмөтү мурда иштеп келген «Оксус Голд» компаниясын кенди иштетүү укугунан ажыраткан болчу.

XS
SM
MD
LG