Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

ДҮЙНӨЛҮК БАНК: КЫРГЫЗСТАНДЫ HIPC ПРОГРАММАСЫНА КИРҮҮГӨ ЭЧ КИМ МАЖБУРЛАБАЙТ


Дүйнөлүк Банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча жаңы дайындалган жетекчиси Аннетт Диксон менен аталган банктын Кыргызстандагы өкүлү Роджер Робинсон кечээ журналисттер менен жолугушту. Анда негизинен ХИПИК программасы тууралуу кеп болду. Айрым байкоочулар Анетт Диксондун Кыргызстанга келүүсүн кыргыз өкмөтүн ХИПИК программасын кабыл алууга макулдатуу максаты менен байланыштырып жатышат.

“Кыргыз өкмөтү ХИПИК программасын кабыл алса да, албаса да Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга жардам берүүнү уланта берет,” – деп билдирди Аннетт Диксон.

Кыргызстандын ХИПИК программасын кабыл алуусуна кызыкдар болуп жаткан эл аралык каржы институттарынын ичинде ДБ да бар. Аннетт Диксон ХИПИК программасынын артыкчылыктарын айтып келип, бул программа аркылуу карызы жеңилдетилген өлкөлөрдү атап кетти. Бирок алардын катарына Кыргызстанды коюуга болбойт деген Диксон айым, Кыргызстан бул өлкөлөрдөн бир топ алдыга кеткен деп белгиледи. Ошондой эле ал эгер кыргыз өкмөтү ХИПИКти кабыл алууга макул болсо, бул программаны ишке ашыруу ийгиликтүү болоруна ишенерин айтып кетти.

ХИПИК программасын кабыл алган учурда кыргыз өкмөтү аткаруучу шарттардын ичинде электр энергиясынын баасын көтөрүү тууралуу шарт бар экендиги белгилүү. Айрым байкоочулардын айтуусунда Кыргызстандыктардын тынчын алып жаткан мына ушул. Анткени электр энергиясынын баасын көтөрүү ансыз да жакыр жашап жаткан элдин жонунан кайыш тилүү менен барабар дешет алар.

ДБ Кыргызстандагы өкүлү Роджер Робинсон бул маселеге токтолуп, эгер электр энергиясынын баасы тууралуу саясатты кайра карап чыкпаса, бул тармак иштеп кете албайт деди:

-Электр энергиясынын баалары 2002-жылдан бери карала элек. Тармактын абалы жана карызы да 2002-жылдагы боюнча калды. Бүгүнкү күндө миңдеген трансформаторлор менен подстанциялар капиталдык оңдоону талап кылат. Ошондуктан, энергетика тармагына акчалай жардам болбосо, бул тармак иштеп кете албайт. Энергетика тармагында баа саясатын кайра карап чыгууну Дүйнөлүк банк сунуштаган эмес, муну өкмөт өнүгүү долбоорунун алкагындагы иш-аракет катары өзү сунуштаган.

Роджер Робинсон кыргыз өкмөтү ХИПИК программасын кабыл алууну каалабаса, аны эч ким мажбурлабай тургандыгын айтты:

-Мен Кыргызстан бул программаны ийгиликтүү ишке ашырат деп үмүттөнөм. Бирок эгер өкмөт мындан шектенсе, анын колун толгоп, ХИПИК программасын кабыл алууга эч ким мажбурлабайт. Ал эми канчалык деңгээлде ишке ашыруу сиздердин өкмөттөн көз каранды.

Айрым пикирлер боюнча өлкөнү карызга батырып, эми анын ХИПИК программасын кабыл алуусуна кызыкдар болуп жаткан эл аралык каржы уюмдарынын башында ДБ турат. Ошондуктан, аталган банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча жетекчиси Аннетт Диксондун Кыргызстанга жасаган иш сапары кыргыз өкмөтүн ХИПИКке кирүүгө макулдатуу максатында болду дешет алар.

Мурдагы вице премьер-министр Базарбай Мамбетовдун айтуусунда Кыргызстан дүйнөлүк каржы уюмдарынын көрсөтмөсү менен жашап келип, ХИПИКке такалган:

-Булар 2002-жылы Кыргызстан менен Эл аралык валюта фондунун ортосунда меморандум түзүп, кол койдуруп алышкан. Анан 2005-жылга чейин эчнерсе кылдырбай келип, эми минтип “..же киресиңер же кирбейсиңер..” деп ХИПИКтин эшигинин түбүнө коюп койду.

Кыргызстандын ХИПИК программасын кабыл алуусуна каршылыгын жарандык коом башынан билдирип келе жатат. Ал эми бийлик ХИПИК программасын кабыл албай тургандыгын кечээ жыйында ачыктады. Президент Курманбек Бакиев өлкөнү жер карата турган мындай программаны башынан эле колдобой келгендигин билдирди.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG