Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

БИР ЖООКЕР КАНЧА ГЕНЕРАЛДЫН КУРСАГЫН ТОЙГУЗАТ?


«Дело №…» гезити, ЖК орунбасар төрагасы К.Исабеков менен маегин басты. Кубанычбек мырза жакында президент дайындаган Чегара кызматынын төрагасы З.Молдошевге козголгон кылмыш иши барын, бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүп жатканын, алакандай Кыргызстандын армиясында эле 24 миң офицер менен прапорщиктер, 63 генерал кызматта отурганын, ошол эле убакта жоокерлеринин саны 10 миңдин тегерегинде экенин, Куралдуу күчтөрдүн бюджети 2,5 миллиард сомду түзөрүн, анын 1 миллиард 400 миллиону жогорудагы офицерлер менен генералдардын курсагын тойгузганга жумшаларын айтат.

Аңгемесин андан ары улантып, К.Исабеков, аскердик кызмат үчүн берилген эки самолет Африка өлкөлөрүнө коммерсиялык максат менен каттап турганын, авиабензиндин баасы асмандап турганда коргоо министри карыш турган Ысык-Көлгө аскер вертолету менен учуп барганын, д.у.с. фактыларды жакын арада парламентке алып чыгарын сөз кылат.

Ушул эле гезит миграция маселесине токтолуп, акыркы кездери Орусияга өздөрү эле кетпестен бүтүндөй үйбүлөсү менен көчүп жаткандардын саны көбөйгөнүн, мисалы, 2004-2006-жылдардын аралыгында 46 миң кыргызстандык орус жарандыгын алганын, ушул жылдын январь айында эле 67 үйбүлө Кыргызстандан биротоло көчүп кеткенин жазды. Мына ушундай адамдардын бири Санжар Кыргызстанда ал эч кимге-өлкөсүнө да, өз үйбүлөсүнө да кереги жок адамга айланганын, анан көчүп кеткенден кийин иш да, жашоого шарт да табылганын, ал азыр килейген Орусияга кереги тийип аткандыгы үчүн өзүн кадыресе адам сезип баштаганын, Орусия анын ар бир төрөлгөн баласын камкордукка алып, ден соолугун карап, керек болсо акча төлөп турарын, жакын арада тамдуу болорун баяндайт.

«Энесай» гезитинин «Кулов оппозицияны башкара алабы?» деген суроосуна мударис К.Исаев, Кулов…акыркы кездеги ар кандай жүрүм-туруму менен эки жүздүүлүгүн, ага бийлик гана керектигин көрсөткөнүн, лидер болоруна ишенбестигин айтса, жазуучу К.Өмүркулов, Куловдун оппозицияны баштап кетүүгө күчү жетерин, бирок ал башын коштурам деп аткан күчтөрдүн лидерлери ага биринчиликти береби, жокпу, кеп ушунда экенин, укук коргоочу Т.Акун, чынында оппозицияны башкарууга ашкан акылдын деле кереги жоктугун, бийликте турганда жасачу иштерин жасабай, анан бийликтен кеткенден кийин Бакиевди сындаганы Куловдун ким экендигин көрсөткөнүн, бирок Кулов президенттикке барбаган күндө деле кийинки муунга кыйла шарт түзүп берерин, бүгүн оппозициянын башында тура турган Ө. Текебаев, А.Атамбаев өңдүү мыкты жигиттер бар экенин мисалга тартып жооп берет.

«Белый пароход» гезити саясаттын жүзү такыр эле тазарбай калганын, Ф.Куловдун нарк-насили таза күчтөрдүн башын коштурам дегени карандай калп экенин, бүгүн саясатта таза эч ким жоктугун, ошол эле Кулову да, Бакиеви да саясаттын сары оорусу менен ооруп келатканын, эми жакында экөөнүн ортосунда айыгышкан маалымат жаңжалы башталарын, Бакиевди жактаган массалык маалымат каражаттары арбындыгынан улам Куловго кыйын болорун, Кулов кармашкысы келсе өз гезитин ачып алып кармаша беришин, «Белый пароход» болсо мындай жаңжалдан таптакыр тажаганын жазат.

...Кезинде айрым бир чоң майрамдардын алдында баалар такай арзандап турар эле, атаганат, бул эми кайсыл бир учурларда эстеп кое турган гана жомокко айланып калды, деп жазат «Слово Кыргызстана» гезити «Тарифтер көтөрүлбөйт» деген макаласында. Январдын алгачкы күнүнөн тартып ысык суу киши башына 57,6 сомдон 101,7 сомго дейре кымбаттады, Буга чейин газ кымбаттаган. Мындай болгон соң антимонополдук саясат боюнча агенттиктин деректири И.Рысалиев мырза «Свет менен ысык суу кымбаттабайт, мурдагы эле баасында калат» деп айтпай эле койсо болмок экен, кутурган бааларга каршы реалдуу күч болуп бере албагандан кийин, дейт гезит.
XS
SM
MD
LG