Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 08:31

14:30 Кеминдик аялдар Бермет Акаеваны депутатка талапкер болууга үндөшүүдө


Бул тууралуу 24kg агенттигинде бүгүн уюштурулган маалымат жыйынында кабарланды. Райондук аялдар комитетинин лидерлеринин бири Лира Термечикованын билдиргенине караганда, кеминдик аялдар Акаева райондун социалдык-экономикалык проблемаларын чечүүгө кепил болоруна терең ишенип жатышат. Экс-президенттин кызы буга чейин Университет шайлоо округунан депутаттыкка шайланып, бирок шайлоо учурунда мыйзам бузду деген негиз менен мандатынан ажыратылган. Ал эми Кемин шайлоо округунан шайланган иниси Айдар Акаев Жогорку Кеңештин ишине катышкан жок деп депутаттык укуктан ажыратылган болчу. Бул аймакта экс-президенттин кызын колдогондор менен катар аларга каршы маанайдагы адамдар да кездешет. Округда кайра шайлоо 29-апрелге белгиленген.(BuS)

XS
SM
MD
LG