Мындай чечим коопсуздук боюнча областтык башкармалыктын 21-февралда өткөн кеңешмесинде кабыл алынды. Коопсуздук кызматкерлери азырынча бир күндүк маянасы болгон 40 миң сомду тышкы карызды төлөө үчүн ачылган эсепке которуша турган болду. Үч айдан кийин эки, же үч күндүк эмгек акыларын чегерүү маселеси чечилиши ыктымал. Алар өкмөттүн ХИПИК программасына кирбөө чечимин кубатташып, тышкы карызды төлөөгө салым кошууга башка тармактагыларды да үндөгөнү жатышат. (YA)