Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

16:49 Чолпон Жакупова: “Дискет-гейт” маселеси боюнча басым-кысым күчөдү


“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова билдиргендей, чуулгандуу “Дискет-гейт” окуясы боюнча күч органдары тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр, укук бузуулар уланууда. Анын айтымында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине Башкы прокуратура да көңүл бурбай жатат. Ч.Жакупованын ырасташынча, ага жолдонгон чакыруу баракчалары да атайын кечиктирилип, ошол себептүү тергөөгө келбегендиктен телефондон ачык коркутуулар башталды. Бирок ошентсе да тиешелүү органдар “Дискет-гейт” боюнча тергөө иштери мыйзам чегинде гана өтүп жатканын айтып келишет. Ч.Жакупова бул иш боюнча күбө катары өтүп жатат.(IJz)

XS
SM
MD
LG