Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

ПРОФЕССОР ЖУСУП ПИРИМБАЕВ: ТЫШКЫ КАРЫЗДЫ ТӨЛӨӨНҮН ЖОЛДОРУ КӨП


Кыргызстан ХИПКке кирбей турган болду. Өлкөдө бир жылдан ашуун убакытка созулган талкуу ушундай жыйынтык менен аяктады, өкмөт өз чечимин кечээ кабыл алды. Эми эки млрд долларлык тышкы карыздан кутулуунун башка альтернативалык жолдору изделиши керек. Ушул маселе боюнча экономика илимдеринин доктору, профессор Жусуп Пиримбаев ой бөлүштү.

- Биз айткан ХИПК Дүйнөлүк банк менен Эл аралык каржы фондунун программасы да. Эми Кыргыз өкмөтүнүн кечээги чечими мына ушул эл аралык каржы уюмдары менен мындан аркы кызматташтыкка кандай таасир тийгизээрин убакыт көргөзсө керек. Кыргыз бийлигинин өкүлдөрү, аталган уюмдардын өкүлдөрү да эч кандай таасири тийбейт деп жатышат. Кыргызстан деле алар менен кызматташпай коё албаса керек. Кызматташтык уланат го, бирок мындан аркы кызматташтык кандай багытта болуш керек деп ойлойсуз. Кайрадан кредит алуу керекпи?

- Кечээги кабыл алынган чечим негизинен Эл аралык валюталык фонд менен Дүйнөлүк банктын мамилесине эч кандай таасир деле тийгизбейт. Себеби ал уюмдар башынан эле билип келишкен муну. Бирок ХИПК программасына киребиз дегенде бул жерде бир эле экономикалык эмес, саясий жактары да бар эле. Ошондон талаш-тартыштар чыгып кетти. Бирок кызматташтык уланат. Ошол кызматташтыктын азыркы боло турган багыттары бүгүнкү күндө өкмөттө иштелип чыгыш керек. Негизинен бул Эл аралык валюталык фонд менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы иш Кыргызстандагы адистердин өзүнүн деңгээлине жараша болуш керек. Эгер деңгээлине жараша болбосо, анда бир тараптуу пикирлер жаралып, карыздарды колдонуу жана карыздарды башкаруу боюнча саясат эффективдүү болбой калып атат. Ошон үчүн бул жерде Кыргызстандын өкмөтү алар менен кызматташтык кылганда өзүлөрүнүн абалына жараша иш кылыш керек.

- Карыздан кутуулунун башка альтернавалуу жолдорун сиз эмнеден көрөсүз?

- Альтернативалуу жолдору бул жерде көп. Карыздан дароо эле кутулуунун кереги деле жок. Мисалы, биздин донорлор деле аны айтып аткан жери жок. Биз норма боюнча жылдагы проценттерин берип, акырындык менен негизги карыздарга өткөнгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Карыздын азыркы мезгилдеги чоңдугун төлөөгө бюджеттин күчү жетет. Эгер андай жол менен барсак бир аз узун убакытта бүтөт ал карыздар. Эгер биз толугу менен төлөп беребиз десек, анын да альтернативасы бар. Альтернативасы боюнча кечээ күнү каржы министри өзүнүн ар түрдүү оюн айтып атат. Бул жакта башка ойлор дагы бар. Мисалы, биздин кыргыз экономикасынын азыркы абалын, эгерде проценттик өсүшүн камсыз кыла турган болсо, бул карыздардын реструктуризациясы жөнүндө да сөз чыгышы мүмкүн. Ошондуктан бул жерде альтернатива көп.

- Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары кыймылсыз мүлккө салык киргизүү демилгесин кайрадан көтөрүп жатышат. Бул мурда эле сөз болуп, бирок ишке ашпай келген демилге. Кезинде жеп-ичилген кредиттердин бир бөлүгү да кыймылсыз мүлккө айланып кеткени жашыруун эмес. Бул идеяга оюңуз кандай?

- Мүлккө болгон салык дүйнөдөгү салыктардын бири, жергиликтүү бюджеттин булактарын камсыз кылган салыктардын бири. Бул мурун эле коюлуп аткан маселе болчу. Шаардын деңгээлинде эмес, Жогорку Кеңештин деңгээлинде коюлган маселе болчу. Азыр ошого кайра келип атат. Келгени нормалдуу эле нерсе. Бирок ошол салыкты киргизген мезгилдеги чыгарган эсептер туура болуш керек. Ошол салыкты эгер натыйжа боло турган болсо гана киргизиш керек. Чогулган көлөмү боюнча ал жергиликтүү бюджетке салымы орчундуу болушу керек. Аны коомдо, шаардык кеңеште талкуулап, ошондой чечимге баралы дегендин өзү нормалдуу иш, мындай иштер улана бериш керек.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG