Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

КЫРГЫЗСТАН МОЙНУНДАГЫ ОЛЧОЙГОН КАРЫЗДАН КАНТИП КУТУЛАТ?


Кыргыз өкмөтүнүн чечими менен Кыргызстан ХИПИК программасына кирбей калды. Буга байланыштуу коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Айрым адамдар бул программа менен Кыргызстанга мойнундагы 2 млрд 150 млн долларлык тышкы карызын жеңилдетип алуу мүмкүнчүлүгү туш келген, андан баш тартуу туура эмес болду дешсе, кээ бирлери экономиканы туура пайдалануу менен ХИПИКсиз эле тышкы карыздан кутулабыз деп үмүттөнүп жатышат.

Кыргыз өкмөтү ХИПИКке кирбөө тууралуу акыркы чечимин кабыл алгандан кийин, он беш жыл ичинде өлкө мойнуна илинген 2 млрд доллардан ашуун карыздан кантип кутулабыз деген суроо туула баштады.

Кыргызстан ХИПИК программасын кабыл алуудан эч нерсе жоготмок эмес, тескерисинче бир топ утушка ээ болмок деп белгилеген каржы министри Акылбек Жапаров ансыз да экономикабыз чабал болуп турганда, карыздан кутулуу кыйын болот деп эсептейт:

-Мен атуул катары эле айтам, канчалык экономиканы көтөргөн сайын, мурунку карыздарга ошончолук көп акчаны жумшай беребиз. Карыздын баарын мурда эффективдүү иштете албагандан кийин, мурдагы президентибиз качып кетти. Бирок өкмөттүн гарантиясы турган соң, биз баарын төлөшүбүз керек да. Бир жарым жыл ичинде биз андай гарантия менен карыз акча алган жокпуз. Бирок мурдагы карыз биздин кийинки келечегибиздин бутун тушап жатпайбы..

Акылбек Жапаровдун айтуусунда энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн баары бир тариф саясатын кайра карап чыгуу зарыл.

ХИПИК программасын кабыл албаган учурда Кыргызстан 2007-жылдан тартып жыл сайын 50 млн доллардан 75 млн долларга чейин сырткы карызга төгүүгө милдеттүү. Ал эми 2010-2020-жылдары бул сумма 100 млн дон 150 млн долларга чейин көбөйөт.

Өкмөт башчынын биринчи орун басары Данияр Үсөновдун айтуусунда жыл сайын 50-60 миллион долларлап карызды азайтууга мамлекеттин күчү жетет. Ал салык системасына өзгөртүү киргизүү, бажы тармагын көзөмөлдөө жана алтын кендери боюнча келишимдерди кайра карап чыгуу менен 2,5-3 млрд сомду кошумча таба алабыз дейт Данияр Үсөнов:

- Өнүктүрүү фондун түзөбүз. Бизде Кумтөр боюнча Центерра, Камеко менен сүйлөшүп кээ бир маанилүү маселелерди чечебиз. Бул фонд жетиштүү деңгээлдеги акча менен камсыз болот деген үмүт бар. Мындан тышкары Камбарата 1, Камбарата 2 ГЭСтерин иштетүү, “Кыргызтелекомду” менчиктештирүү, электр энергиясын бөлүштүрүүчү компанияларды концессияга берүү, “Кыргызалтын” менен “Манас” аэропорту, мына ушулардын баары биздин колдогу мүмкүнчүлүк.

Кыргызстандын ХИПИК программасын кабыл алуусуна каршы чыгып, “АнтиХИПИК” кыймылын уюштургандардын бири, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова да тышкы карыздан кутулууга кыргыз элинин дарамети жетет деп ишенет:

-ХИПИК программасын кабыл албай, Кыргызстан эл аралык коомчулуктун, коңшулардын алдында жүзү жарык бойдон калды. Ошондуктан, мындан ары да мойнубуздагы карыздан кутулууга биздин эл даяр деп ойлойм. Элде буга ишеним да, дарамет да жетиштүү.

Кыргызстан он төрт жыл ичинде 1 млр 800 млн доллар карыз алган. Ал эми ХИПИК тууралуу талкуу жүрүп жаткан убакта Кыргызстандын тышкы карызы дагы 250 млн долларга көбөйдү. Мунун ичинен эң көп сумма: 763,3 млн доллар улуттук валюта менен мамлекеттик бюджетти колдоого, 410,1 млн доллар айыл чарбасына, 400,5 млн доллар транспорт жана байланыш министрлигине, 285 млн доллар социалдык тармакты өнүктүрүүгө сарпталган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG