Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 21:41

7:45 «Эмгек жана Биримдик» партиясы Жаныш Бакиевди Отузадыр округу боюнча депутаттыкка көрсөтүшү мүмкүн


Мындай маалымат Жаныш Бакиев жетектеген Эл аралык байланышты өнүктүрүү жана социалдык инвестициялык программаларды колдоо борборунун башчысынын орун басары Эркиндик Токтобаевден алынды. Анын айтымында, депутаттыкка талапкерди көрсөтүү демилгесин партия өзүнүн 10-мартка чейин болору күтүлүп жаткан курултайынын күн тартибине киргизиши ыктымал. Жаныш Бакиевди партия жакында өткөн пленумунда саясий кеңешке мүчө кылып шайлады. Кошумчалап койчу жагы, Эркиндик Токтобаев аталган партиянын мүчөсү эмес. Айрым маалымат каражаттары тараткан мындай маалыматты Токтобаев өзү төгүндөдү.

XS
SM
MD
LG