Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

КОРРУПЦИЯГА ЖОЛ БЕРГЕН ЧИНОВНИКТЕР КЫЗМАТЫНАН АЙДАЛАТ


Кечээ Бишкекте Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин демилгеси менен Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук кеңештин жыйын болуп өттү. Ага министрликтердин жетекчилери катышып, 2005-жылдын 21-июнунда президент сунуштаган “коррупцияга каршы күрөшүү стратегиясынын” кандай аткарылып жаткандыгы тууралуу баяндама жасашты. Жалпысынан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча министрликтердин аткарган иштери канааттандырарлык эмес деп табылып, жыйын соңунда бул абалды жакшыртуу үчүн министрликтерге 10-апрелге чейин мөөнөт берилди.

Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин комиссары Рахматулло Эралиевдин айтымында, жалпысынан министрликтер президенттин “коррупцияга каршы күрөшүү стратегиясын” ойдогудай аткарышкан жок. Ал эми мамлекеттик органдардагы коррупциянын, паракорлуктун деңгээли жогору бойдон калып жатат. Ошондой эле ал кийинки жыйындарда далилдерин толуктап, коррупцияга аралашып кеткен чиновниктердин ысымдарын атай турганын айтып, айрым министрлер агенттиктин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып жатышканын билдирди:

- Мен улуттук кеңешке айтып коюшум керек, тилекке каршы айрым министрлер мага түз эле чыгып, силер конституциялык орган эмессиңер, биз силерге жооп бербейбиз деп жатышат.

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук кеңештин төрагасы Рашид Тагаев азыркы тапта коррупция мамлекеттик органдардын бардык тармактарына терең тамыр жайып кеткенин айтып, буга каршы катуу чара көрүүгө мезгил келип жеткенин баса белгиледи. Анын ырасташынча, мындан ары коррупцияга каршы күрөшүү маселесине көңүл кош мамиле кылган жогорку чиновниктердин, кызмат абалынан одоно пайдалангандардын иштери иликтенип, андай чиновниктерди кызматынан алуу маселеси көтөрүлмөкчү. Ошондой эле ал коррупцияга каршы күрөшүү маселесинде эмитеден жаштарга көңүл буруп, жаш, таза кадрларды алып келүү керектигине токтолду:

- Азыр жаштарга таянбасак мамлекетте эч кандай жылыш болбойт деген менин жеке пикирим бар. Ошондуктан жаштарды көтөрүп, жаңы муун калкып чыкпаса ишибиз ушундай бойдон эле тура берет же мындан да чирип кете беребиз.

Ички иштер министринин орун басары Жеңиш Жакыпов, бул орган тарабынан жасалып жаткан иштерге токтолду. Анын ырасташынча, коррупцияга байланышкан кылмыш иштеринин басымдуу бөлүгү салыкчыларга, бажы кызматкерлерине жана Финансы полициясына туура келет:

- 2006-жылы Салык органындагыларга карата 30 кылмыш иши козголуп, алардын 18и паракорлук болуп чыкты. Бажы кызматындагыларга карата 15 кылмыш иши козголуп, алтоо паракорлукка байланышкан. Ал эми Финансы полициясына байланыштуу 5 кылмыш иши козголсо, анын төртөө кайрадан паракорлук.

Бирок, ошентсе да Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук кеңешинин мүчөлөрү коррупция эң эле гүлдөгөн тармак катары ИИМди айтышты. Айрыкча МАИ кызматкерлери катуу сынга алынды. Өкмөттүн аппарат башчысы Тынычбек Табалдиев, бул тармактын кызматкерлери ачык эле пара алмайга өтүп алышканын айтып чыкты:

- МАИ кызматкери болсоң чык ачык жерге. Көрсүн. Эрежелер бузулса токтот. Айдоочу сенин турганыңды көрсүн, сезсин. Уяласың да, бекинип алып эле чыга калышат. Айтышты эле машинадан айдоочу чыкпаш керек, биз өзүбүз барып документ текшеребиз деп. Каяктан. Көрүп атабыз, машинеде отурушат экөө, баары ошол машинеге барып учурашып чыгышы керек.

Ал эми Адилет министри Марат Кайыпов коррупция чындап эле желкелеп турганын моюнга алып, ага каршы туруу үчүн бир катар сунуштарын айтты:

- Коррупцияга каршы күрөшүү үчүн негизги үч шарт аткарылышы керек. Эң биринчиси бул бийлик сөзсүз түрдө алмашып тургандай болушу керек. Экинчиси, бул көрүнүш менен күрөшүш үчүн массалык маалымат каражаттары эркин болушу керек. Эгерде, мамлекеттик чиновниктерге ММКдан коррупцияга аралашкан деген маалымат кетсе, аны жок дегенде эс алууга жиберүү керек. Иши текшерилип бүтмөйүнчө. Эгер ал иш текшерилип, маалымат аныкталбай калса ага окшогон маалымат каражаттарын жабыш керек. Эми үчүнчү баскычта сөзсүз түрдө бизде көзкарандысыз сот болушу керек, - дейт Марат Кайыпов.

XS
SM
MD
LG