Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

ТЕРГӨӨ ИЗОЛЯТОРУНДАГЫ ТОПОЛОҢ ЭМНЕДЕН ЧЫКТЫ?


14-февралда Чолпонатадагы убактылуу кармоочу жайда болгон окуя калыс, адилет иликтенип, эки тараптан мыйзам бузгандар жазаларын алышы керек, деп билдирди “Кылым шамы” адам укугун коргоочу борбордун жетекчиси Азиза Абдырасулова 21-февралда. Анын айтымында, Чолпонатадагы убактылуу кармоочу жайда жаткан адамдардын абалы начар, көпчүлүгүнө тергөө аяктаса дагы, алардын иштери сотто каралбай, токсон пайызынын адвокаты жок. Ал эми Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Руслан Умарбеков болсо аталган министрликтин кызматтык иликтөө боюнча кызматы ал окуяны жеринде иликтеп жатышканын билдирди.

Азиза Абдырасулованын билдиргенине караганда, Чолпоната шаарындагы убактылуу кармоочу жайда 35 адамды кармоо каралса, учурда ал жерде 47 адам кармалып, 2-3 чарчы метрлик бир бөлмөдө 15, экинчисинде 12 адам жатышат. 14-февралда ошол он эки адамга дагы бир мас адамды кошкондо, ал жерде орун жетишпегендиктен нааразылык чыккан.

-Укук коргоо кызматкерлеринен ал мас кишини алып кеткиле деп кыйкырышканда камалып жаткандардын арасында Базаркулов Замирбек дегенди тартипсиздикти уюштуруп жатасың, деп милициялар алып чыгып сабашыптыр,- дейт Азиза Абдрасулова. - Аны токмоктоп жатканда камерадагылар «токтоткула!»-дешип, жер тепкилеп, кыйкырышып ызы-чуу кылышыптыр. Нааразылык күчөп кеткенден кийин Чолпоната шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Имангазиев алар менен сүйлөшкөнү түшүптүр. Бирок камерадагылар болбой коюшкандан кийин, Караколдон атайын даярдыктагы аскерлерди чакырганга мажбур болуптур.

Абдырасулова ошондой эле бул окуянын кесепетинен убактылуу кармоочу жайда жарык берүүчү граната жарылган себебин мындайча айтып берди.

- Караколдон аскерлер келгенче эки-үч саат өтүп кетет, деп өздөрүнүн кызматкерлерине атайын жабдыктарды бере башташыптыр. Ошол кезде калкан, резина таяктарды берип жаткан атайын жабдыктарга жооп берүүчү кызматкер чөнтөгүнө ачкычты салам, деп жаңылып, жарык берүүчү гранатаны чөнтөгүнө салып алып чыгып кетиптир. Камеранын жанына барганда ошол граната иштеп калганын байкап калып, аны өз денеси менен жапканга аракет кылыптыр. Ага болбой граната жарылып, өзүнүн бир колун билегинен жулуп кетиптир, дагы бир милиция кызматкери башынан көзүнөн жаракат алып, башка дагы үчөө жеңил жаракат алышыптыр. Бул укук коргоо органдарынын айткандары болду. Ал эми ошол жерде камерада отургандардын айтымында, гранатаны камерага ыргытабыз дегенде, эшикти жаап ыргыттырбай калганда, милициянын колундагы граната жарылып кеткен. Эми айткандардын жооптору канчалык денгээлде чын, аны тергеп-иликтөө тактайт. Бирок тиги камакта отургандардын айткандары чындыкка жакынырак болуп турат, деп ойлойм,-деди Азиза Абдрасулова.

14-февралда аталган убактылуу кармоочу жайдагы он эки адам укук коргоо кызматкерлерине баңги зат алып кирүүнү талап кылышып, тополоң чыгарууга аракеттенишкенде, жардамга Караколдон атайын даярдыктагы аскерлер келип тополоңчулардын ызы-чуусун басып, он эки кишини Караколго жеткиришкенин Чолпоната шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Имангазиев айтып бергенин Азиза Абдрасулова белгилеп өттү.

Ал эми Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Руслан Умарбеков болсо аталган министрликтин кызматтык иликтөө боюнча кызматы жана атайын комиссия ал окуяны жеринде иликтеп жатышканын, окуянын чоо-жайын ошол комиссиянын жыйынтыгынан кийин белгилүү болоорун билдирди.

XS
SM
MD
LG