Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:43

Италиянын өкмөтү кызматынан чегинди


Италияда бүгүн президент Жоржо Наполитано өкмөттө түзүлгөн кырдаалдан чыгуу жолдорун саясий лидерлер менен талкуулайт. Кечээ премьер-министр Романо Проди жетектеген солчул-чордончул өкмөт кызматынан кеткен. Романо Продинин кызматтан чегинишине анын коалициялык өкмөтүнүн тышкы саясат жаатындагы сунушунун Сенат тарабынан четке кагылышы себеп болду. Президент Наполитано эгерде саясий колдоо болсо, Продиге премьер-министр кызматында кала берүү өтүнүчү менен кайрылышы мүмкүн.

 

XS
SM
MD
LG