Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:15

12:50 Кыргызстанда катуу жер титирөө болушу ыктымал

Мындай маалыматты Илимдер академиясынын сейсмология институтунун директору Канатбек Абдырахманов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Ош, Чүй облустарынын аймагында он эки баллдык шкалада күчү 7-8 баллга жеткен зилзала болушу мүмкүн. Ал эми Тянь-Шань тоо кыркаларында 2003-жылы активдешкен катуу жер титирөөлөр 2009-жылга чейин уланат. Абдрахманов сейсмикалык коркунуч туудурган аймактарды жаңы картага түшүрүү, сейсмикалык бекеттерди радиотелеметрикалык цифралык аппараттар менен толуктоо зарылдыгын белгиледи. (AJ)
XS
SM
MD
LG