Өлкө башчысы Курманбек Бакиев куттуктоосунда куралдуу күчтөрдүн жоокерлери Мекендин көз карандысыздыгын коргоо алар үчүн ыйык милдет экендигин, аскердик антка туруктуу болуу менен Атажуртту коргоочунун ыйык парзын дайыма ар-намыс жана каармандык менен аткарарына ишенерин билдирген. Ошондой эле Атамекенди коргоочуларга, алардын туугандарына денсоолук, бейпилдик каалаган. (AJ)