Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

КЫРГЫЗСТАН – АДАМ УКУКТАРЫ БАЙМА-БАЙ БУЗУЛГАН ӨЛКӨ


Кыргызстан конституциялык, экономикалык жана социалдык рефомаларга муктаж. «Жарандар коррупцияга каршы» укук борбору 2006-жылдагы адам укуктарынын абалын иликтеп чыгып, ушундай жыйынтык чыгарды. Борбор ошондой эле Кыргызстанды ыңкылап жана жаңжалдар болгон өлкө катары белгиледи.

Отчетто белгиленгенге караганда 2006-жылы болгон жаңжалдар жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин ырааттуу бузулушу менен коштолду. Кармалгандарга жана абактагыларга жазаларды аткаруу кызматы тарабынан кыйноолор жасалды, жарандардын маалымат алуу укугу, улуттук азчылыктардын, маселен, дунгандардын укуктары чектелди, дин эркиндиги, тынч митингдерди уюштуруу, соттук акыйкат териштирүүлөр боюнча укуктар бузулду деп айтылат отчетто. «Жарандар коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун лидери Төлөкан Исмаилованын айтымында ушулардын негизинде төмөнкүдөй тыянак чыкты:

- Кыргызстан жарым-жартылай эркин эмес, постреволюциялык, постконфликттик өлкө болуп саналат. Ал күч колдонбоо концепциясы аркылуу мыйзамдуулук жана туруктуулук форматында мындан аркы конституциялык, экономикалык жана социалдык-саясий реформаларга муктаж.

Отчетто Кыргызстанда өлүм жазасынын алынып салынышы колдоого алынган. Бирок, өлүм жазасына тартылган 175 адамдын жагдайы бир ыктай болбой, адамдын намысына тие турган жерлерде кармалып тургандыгы айтылат. Ошондой эле уюм тартип коргоо, прокуратура органдары адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоого маани бербей жатканына тынчсызданган. Анын кесепетинен өлкөдөгү калктын аялуу катмарын, жакырларды, башкача ой жүгүрткөндөрдү, динге ишенгендерди куугунтуктоо тенденциясы күчөп жатат. Буга мисал катары дискет-гейт чатагы келтирилген.

Уюмдун Оштогу регионалдык борборунунун өкүлү Алима Шарипованын айтымында, маселен, Ошто кылмыштардын көпчүлүгү жакырчылыктын кесепетинен чыгып атат. Динге ишенгендерди басмырдоо да кадыресе көрүнүшкө айланды:

- Дин өкүлдөрү экстремизм жана фундаментализм деген негиз менен куугунтукка кабылууда. Бүгүн диний өкүлдөрүнүн, диний лидерлердин корголбой калып жатышы – бул проблема бойдон калууда. Алардын атайын кызматтардын аңдуусуна тушугушу бизге укук коргоочу уюм катары бул маселеге көңүл бурууга себеп болууда.

Уюм ошондой эле жаза өтөө мекемелеринде реформанын болбой жаткандыгы коомдо кылмыштуулуктун өсүшүнө олуттуу себепчи дейт. Маселен, 2006-жылы жазасын абактан тышкары өтөө милдеттендирилген 4133 адамдын 1523 дайынсыз кетип, издөөгө түшкөн, 1122 кылмыштын 863үнө кылмыш колониядан качты деген негиз менен козголгон. Ага кошумча, коррупция аталган мекеменин бардык тепкичтерине терең орноп калды.

Төлөйкан Исмаилова ошондой эле жаза өтөө мекемеси СССРдин убагындагы мыйзамдар менен иш алып барары аныкталганын айтты.

Адамдардын эркиндигин камсыздоого соттор кудуретсиз болуп жатат деп айтылат отчетто. Аксыдагы «Укук жана адам» бейөкмөт уюмунун башчысы Сыртбай Жайчибеков соттордун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү жеке эле улуттук кеңеш менен чектөөгө болбойт дейт:

- Соттордун кылган иштери бир эле улуттук кеңеште каралбастан, президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясы да карап, өздөрүнүн жыйынтыгын жазып, президентке бериши керек.

«Жарандар коррупцияга каршы» уюму иликтөөлөрдүн чегинде президентке, парламентке, эл аралык уюмдарга, коомчулукка сунуштарды жолдогон.

Президентке жолдонгон сунуштардын катарында «Жарандардын саламаттыгы тууралуу мыйзамга» өзгөртүү киргизүү, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин коргоо боюнча улуттук программа түзүү, саясий лидерлерди өстүрүү каралган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG