Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

КЫРГЫЗ ЭКОНОМИКАСЫН НАЧАР БАШКАРУУ ЖАНА КОРРУПЦИЯ ШОРЛОТУП ЖАТАТ


“Азаттыктын” маектеши экономист Айылчы Сарыбаев.

- Уксаңыз керек, ошентип өкмөт тышкы карызды жоюу боюнча ХИПК деген аталыштагы белгилүү программага кирүүдөн баш тартты. Өкмөттүн ушундай чечимге келишине коомчулуктун салымы, атүгүл басымы да бир топ таасирин тийгизе алдыбы?

- Өкмөттүн ХИПКке киребиз деген ою бар экен, эгер кирсек бул кандай таасир берет жалпы экономикабызга деген проблеманы эң биринчи “Азаттык” койгон. Андан кийин республикадагы прогрессивдүү ММКнын бардыгы тең жабыла ушул проблеманы козгоп чыккандан кийин көпчүлүк эл ушул проблемага аябай кызыгышып, акыр-аягына чейин чыгышып, маселе көтөрүлгөндөн кийин президент жана анын өкмөтү айласыздан бул программага кирүүнүн зарылчылыгы жок экенин чечишти.

- Демек, өкмөт тышкы карыздан кутулуунун башка татыктуу жолдорун издөөгө мажбур, милдеткер. Эми кайра эле ички мүмкүнчүлүктөр изделет да. Алар кайсылар болушу мүмкүн?

- Бул биздин өлкөнүн финасылык кризис абалга келиши, ХИПК программасына чейин жетип калышынын эң эле негизги себептеринин бири бул өлкөдө башкаруунун начардыгы болду. Ошондой эле экономиканын башкаруунун жоктугу, өз алдынча программалардын жоктугу болду. Бүт эле эл аралык финансы уюмдарынын айтканы менен иштердин жыйынтыгы ушуга алып келди. Эң эле чоң факторлорунун бири - бул өлкөнүн өтө коркунучтуу деңгээлде коррупцияланып кетиши болду. Бийликтин бутагында отурган адамдар мамлекеттин кызыкчылыгы эмес, өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн бийликке келип калышты. Бийликтин күчүн, мүмкүнчүлүгүн байыш үчүн пайдалануу өтө чоң коркунучтуу экендиги ХИПКке келген убакта билинди. Демек, кайра эле мунун экономикалык, финансылык кризистен чыгып, тышкы карыздарды жоюу мүмкүнчүлүгү ушунун эле өзүндө жатат. Эмне себеп менен кайсы факторлор менен ушуга чейин келсе, эми ошол факторлорду жоюп кайра ушул абалдан чыгышыбыз керек. Кризистен чыгуунун эң биринчи максаты бул мен мамлекетти башкарам, мен ушул өлкөнүн президентимин, мен турганда бул өлкө кризистен чыгат деген так маселе коюш керек. Эң биринчи мамлекеттик түзүлүш деп коёт, башкаруу түзүлүштүн функцияларынын баарын кайра карап чыгып, эгер шайкеш келсе, эгерде мамлекетти тышкы карыздан кутултуп, мындан ары өсүп-өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзсө, мына ошол түзүлүштү гана алыш керек. Бир эле киши жооп бериш керек, же президент, же премьер министр. Экөө бирине бири шылтай бергенде болбой калат экен. Экинчиси - ошол мамлекеттик түзүлүштө турган адамдардын жеке кызыкчылыгы барбы, жокпу, бул киши башка өлкөлөрдүн бизнеси үчүн, ошолордун кызыкчылыгы үчүн биздин республикада башкаруу кызматында иштеп атабы, жокпу, мамлекеттик бийликке келгенде өзүнүн жеке кызыкчылыгы жокпу деген принцип менен кызматка алыш керек. Көп эле кишилер айтып атат, компетенттүүбү- компетенттүү эмеспи, адиспи- адис эмеспи деп. Кеп ошол адис болуш үчүн биринчиден мамлекеттин патриоту болуш керек. Анан куру патриотмун демиш болуп, “мен эл үчүн кызмат кылам” деп келип эле, өзүнүн чөнтөгүнө, туугандары, балдары үчүн кызмат кылып коюп атышпайбы.

- Айылчы мырза, кезинде катылган, уурдалган, өлкөдөн чыгарылып кеткен акчаларды кайра Кыргызстадын пайдасына иштетүү керек деген ойлор айтылып келет. Бул үчүн капиталды легалдаштыруу, мунапыс жарыялоо керек делип жүрөт. Казакстан кезинде мына ушундай кадамга барган. Кыргызстан да көп создуктурбай барып көрүшү керекпи, балким бир нерсе түшөөр?

- Казакстанда башка тартиптеги, башкача сыртка чыгып кеткен капиталдар болгон. Ал эми мамлекеттик мүлктү уурдап алып качып кетсе, муну кадимкидей эле ууруу деп коёт да. Ага мунапыс берүү деген сөз, кийинки ууруларга да жол ачып берүү деген сөз да. Финансылык тартип деген болот, аны бузган кишилер жоопко тартылбай, кайра-кайра мунапыс бере берсе анда бизде эч качан тартип болбойт. Уурулукту токтотуу эч качан мүмкүн эмес. Коррупцияны жоюнун эң эле биринчи жолу - бул жазалоо. Биз болсо тескерисинче айлыгын да көбөйтүп, мунапыс да берип, үстү-үстүнө кайра сыйлык берип коррупцияны жоёбуз деген принципти мен дүйнөдө уккан эмесмин. Аны коррупционерлер өзү чыгарган формасы, биз уурдап алган акчабызды мамлекет кечсин, биз ошол акчабызды ачык ээн-эркин пайдаланып ойноп күлөлү деген. Андай болгондо болбой калат, өзүбүздүн республика тырмактай болсо. Кечире турган да нерселер болот, эгерде объективдүү кайсы бир себептер менен жашырылып сыртка чыгып кеткен болсо, ал өзүнүн ак эмгеги менен иштеп табылган капиталдар болсо, анда албетте аны кечирүүгө болот.

- Маегиңизге ырахмат

Маектешкен Улан Эшматов,Прага

XS
SM
MD
LG