Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

ХАМАС кыймылынын лидери Халед Машаал 25-февралда эки күндүк иш сапары менен Москвага барат


Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. 19-февралда Жакынкы Чыгыш төртүлүгү жаңы түзүлүп жаткан Палестина өкмөтүн Израилди таанууга чакырган. “Фатх” партиясы менен бирдиктүү улуттук өкмөт түзүүгө макул болгон ХАМАС Израилди таануудан баш тартууда. Жакынкы Чыгыш төртүлүгүнө Орусия, АКШ, БУУ жана Евробиримдик кирет.

XS
SM
MD
LG