Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

БИЙЛИК ДАГЫ ЭКИ ИРЕТ АЛМАШАТ…


«Айкын» гезити кезинде Ельциндин бийликтен күтүүсүз кетерин, Акаев үч мөөнөт турарын, аны Бакиев алмаштырарын алдын ала айткан Чолпон Токтоналиева айым менен маектешүү басты. Чолпон айым, Куловго президент болгонго 5 мүнөттүк мүмкүнчүлүк келип кайра кеткенин, эми ал эч качан президент боло албастыгын, Бакиев да, Кулов да бүгүн бийлик саясатындагы соңку күндөрүн жашап жаткандыгын, 27-февраль Бурулсун Төлөмүш кызы айткандай эмес, тынч өтөрүн, бирок жазында сел каптап, жер титиреп, ага кошул-ташыл кымбатчылык күчөп, элдин кыжыры күзгө жуук жетер жерине жетерин, Кыргызстанда ойноок болуп калган бийлик жакынкы 6 жылда дагы 2 ирет алмашарын айтып берген.

Ушул эле гезит, президент Бакиевдин психологиялык бейнесин тарткан орусча макалага орун берди. Кыргызстан бүгүн «өңсүз-түзсүз» бийликке ээ болду, бийликтин калк алдындагы кадыр-баркы быйыл былтыркыдан да төмөн. Демек, өлкөнү өткөн бийликке да, азыркы бийликке да, өткөн оппозицияга да, азыркы оппозицияга да тиешеси жок саясатчылар менен адистердин жаңы мууну көтөрүшү керек деп айтылат, ал макалада.

«Лица» гезити саясат таануучу Сыргак Абдылдаевдин Бакиев-Кулов тандемин талдоого алган макаласын басты. Анда, Кыргызстан саясый тирешүүнүн жаңы сценарийи менен өнүгө турган фазага өткөнүн, Бакиевдин стратегиялык өзөк максаты-президенттик экинчи мөөнөт экенин, 2-мөөнөттү камсыз кылуу үчүн 24-март окуясында Акүйдү басып алгандар эч нерcеден кайра тартпастыгын, ошондуктан оппозиция лидерлерин куугунтукка алып, артына калбыр байлоо аракети жүргүзүлүп, аягы дагы эле бүтпөй келаткан буюртма киши өлтүрүүлөр токтобой жатканын далилге тарткан. Гезит бул санга ошондой эле Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов жана депутат Кубатбек Байболов менен интервьюларды да жарыялады.

Ф.Кулов менен Б.Мураталиевдин айынан Кыргызстан «Оксус» компаниясына 300 миллион доллар айыпка жыгылганы турат. Учурунда ушул компаниянын лицзенсиясын болбогон шылтоо менен алып коюшкан эле, эми анын ордуна келип алып, башы чуудан арылбаган «Глобальд Голд» компаниясы кимге эркелеп жатат? Ушундай суроо койгон «Алас» гезити, мына, Кыргызстан ХИПИКке кирбей калды, эми бизге 1 тыйын да кымбат, андыктан, комбинаты даяр, тезарада алтын чыгара турган «Оксуска» лицензиясын кайта берип, киреше жыйнап баштайбызбы же Березовскийдин куйругун жыттап олтура беребизби, деп жазды «Жерүй» алтын кени тууралуу. Гезит мындан тышкары элет турмушуна кайрылып, бир жыл мурда бийликтин мугалимдер менен врачтардын айлыктарын 2 эсеге көтөрдүк дегенин Атбашылык мугалимдер эмдигиче сезбегенин, алардын айлыгына бир тыйын да кошула электигин, баарынан да какаганга муштаган болуп, дыйкан чарбаң бар деген шылтоо менен көп балалуу үйбүлөлөргө берилчү пособиелерди кыскартып салганын, эми дыйкан чарбасы бар деген элеттик дыйкан же техникасы, же үрөнү, же жерсемирткичи жок жол тиктеп олтурганын жазды.

«Апта» гезити Кыргызстандын Сох анклавы менен Үзөңгү-Куушун саткандар эч нерсе болбой эле мамык орундарда олтурганын, мамлекетти талап-тоногондор куунап-жыргап жашап жүрүшкөнүн, өлкөнү бүгүн адилетсиздиктин кара туманы каптап алганын, анын далили, Мамлекеттик телерадионунун жетекчилеринин бири Бейшенбек Бекешовдун көрсөтмөсү менен эле камакка алынып, абакта олтурган «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Бакыт Калпетов болгонун жазган.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG