Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

ЭСТИ КУДАЙ АЛДЫБЫ?

Мурда жашыл бак-даракка чулганган Эркиндик гүлбагында небере жетелеген же бири - бири менен маектешип олтурган карыяларды көрсөк, бүгүн ал жерде жалаң жаштар олтурарын айтып келип… кыргыз элинин сыймыктуу уулдарына коюлган эстеликтердин аянычтуу абалына токтолгон. Маселен, атактуу акыныбыз Жоомарт Бөкөнбаев ушул күнгө дейре уурдатып жиберген башын табалбай келет. Ушул эле жердеги дагы бир эстелик- эл акыны Темиркул Үмөталиевдики. Атаганат, бир кезде татынакай мына ушул шаарды алда-немедей кылып үлпүлдөтүп, жууп-тазалап турушчу эле. Азыр анын бири жок. Акындын ак гранит эстелги жер астынан чыга калган шахтерду элестетип кара көө, ыш, чаң басып, киши карагыс абалда турат. Ушинтип, бүгүн жансыз эстеликтерди гана эмес биздин акыл-эсибизди да ыш, чаң басты, аны эми кантип тазалар экенбиз, деп жазды «МСН суббота» гезити.

«Жаңы ордо» гезити Үзөңгү-Кууштун Кытайга сатылышына жана А.Бекназаровдун камалышына каршы ачкачылык жарыялап, анын 28-күнүндө каза болгон маркум Шералы Назаркуловдун көзү өткөнүнүн 5 жылдыгына карата жакын санаалаштарынын бири, КР президентине караштуу укук коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акунду сөзгө тартты. Белгилүү укук коргоочу Шералынын эл алдындагы баатырлыгы эч качан унутулбасын белгилеп, жакын арада Ш.Назаркулов атындагы фонд түзүлөрүн, ушу тапта Бишкек же Ош шаарынын бир мектебине, көчөсүнө атын ыйгаруу жана Үзөңгү-Куушка эстелигин тургузуу тууралуу сөз болуп жатканын айтып өткөн.

«Агым» гезити, айтылуу төкмө ырчы, классикалык бир катар обондордун ээси, Кыргыз эл артиси Ашыралы Айталиев 80 жашка келгенин, марттын башында «Айтыш» фонду Ашыкенин урматына концерттик чоң майрам өткөргөнү жатканын маалымдады. Ашыке гезитке өзү да маек куруп, « Жалын кез кимден өтпөгөн, жаш кезде кимдер көппөгөн» деп, кел-кели келип турган кезинде айрымдар бирден сүйсө, ал топ-тобу менен сүйгөнүн баяндап, черин жазган.

«Кыргыз туусу» Папан Дүйшөнбаевдин көрүнүктүү жазуучу Ч.Айтматовдун жаңы «Тоолор кулаганда» деп аталган романын талдоого алган макаласынын соңку бөлүгүн басты. Жазуучу мурдагы чыгармаларына караганда тематикалык, философиялык, эстетикалык жактан гана эмес, экологиялык өңүттө да өз горизонтун кеңейтип, этикалык жактан алдыга дагы чоң кадам жасаганын белгилеген, автор макаласында. «Азаттыктын» угармандарынын эсине сала кетели, Ч.Айтматовдун бул романын кыргыз тилине «Жаа барстын ыйы» деген ат менен А.Пазылов, «Сардал кыз» деген ат менен С.Станалиев, ар кимиси өз варианты боюнча которуп жатат. Жакын арада китеп болуп жарыкка чыгары айтылууда.


Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Прага
XS
SM
MD
LG