Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:55

ЧЕЧЕН ТРАГЕДИЯСЫ 63 ЖЫЛДАН КИЙИН


Жазгул Жамангулова 1944-жылдын 23-февралында чечендер менен ингуштарды өз жеринен зордуктап көчүрүү башталган. Быйыл бул тарыхый окуянын болгондугуна туура 63 жыл болду. Бүгүнкү күнгө чейин Түндүк Кавказдагы саны аз калктарды күч менен көчүрүүнүн себеби ар кандай жоромолдонуп келет.

СССРдин ички иштер комиссары Л.Берия СССРдин коргоо комитетинин төрагасы Сталинге 500 000ге жакын чечендер менен 100 миңге чукул ингуштар Орто Азия жана Сибирди көздөй көчүрүлгөнүн маалымдаган. Ошол 63 жылдан бери чечендер менен ингуштарды күчкө салып көчүрүүнүн себеби ар кандай түшүндүрүлүп келатат.

Алгачкы сөз, адам укугуна байланыштуу Кавказ өлкөлөрүндө бир нече ирет болуп келген укук коргоочу Турсунбек Акунда:

- Бул өтө чоң трагедия. Кавказ улутундагыларга болгон геноцид. Ошол кезде бир көзү ачык айткан экен «элүү жылдан кийин чечендер орустардан өч алат» деп. Азыр ошондой эле болуп атат. Кавказ улутандагы элдер өмүр бою эркиндик үчүн күрөшүп келе жатат. Жаман улут болбойт, жаман адамдар болушу мүмкүн.

Жарым миллионго жакын Кавказ улутундагы калкты күчтөп көчүрүү иши үч күн, ашып кетсе алты күнгө болжонгон. Чоң кыргын-сүргүнгө айланбай, бир күн ичинде көчүрүлүүгө тийиш болгон калктын 20%ы поюзга салынган. Ал эми кар жаап, тоо жолунда жүрүү кыйын болгон жерлердеги калкты көчүрүү болжонгон убакка аткарылбай калган. Анда мындай айтылат. 700 үй-бүлө турган Хайбах деген тоолуу жер болгон, ага машина да бара алган эмес. Бул жерде кеминде 3000 чамалуу адам жашаган. Күчтөп көчүрүү башталганда ошол айылдын элин Хайбах деген көлдүн жээгине айдап келишет. Кары-картаңдар, колунда баласы бар аялдар, оорулуу адамдар арбын болгондуктан, аларды Орто Азияга жөнөтүлчү эшелондорго бир суткада айдап келип салууга мүмкүн болбой калган. Ошондо Хайбах көлүн тегеректеп турган 3000 чамалуу Кавказ улутундагы элди бүтүн кырып, көлгө чөктүрүп жибергендиги айтылат. Ал эми ошол учурда 10 гана жашта болгон Дада Габаев ошол күн күнү бүгүнкүдөй көз алдымда деп эскерет.

- Чечендин баш калаасы Грозный шаары. 23-февраль күнү эртең менен ар бир үйгө үчтөн солдат келди. Эки солдат эшиктин алдында турду мылтык кармап, үчүнчүсү алардын чоңу болуш керек, колунда тапанча бар эле, чыккыла деди. Атам да, энем да ооруп жаткан, эң улуусу мен болчумун, менден кийин бул иним. Мен ал кезекте 10 жашта элем. Ал убакта кыштын күнү эле, кийим, аш, араба, унаа жок. Бүт бары калды, эч нерсе ала алган жокбуз. Атам, энем төшөктөн туруп, бир өгүз чанаа таап, атамды ошол чанага салып 25 км. Нажавюрт деген жерге келдик. Менин бутумда бут кийим жок. Анан кийизден бутума байлап туруп кар үстүндө 25 км. бастым. Подряд тургузду, эркек, аял, балдардын баары ыйлап, кыйкырып атат. Арасында оорулуулар бар. Бир шаг бул жака чыккан кишини ошол жерден эле атып өлтүрдү, өлүк ошол жерде кала берет, эч кимге алдырбайт. Ошентип Нажавюрт деген жерге келип, кичинекей жерге тургузду бизди. Ошол жерде суукта бир сутка түнөдүк. Бир сутка өткөндө америкалык “Студебекер” деген машиналар келди ошол жерге. Бизди ошол машинеге жүктөдү. Ооруу кишини да аябайт, өлүп аткан киши өлөт, ошол жерде кала берет. Анан ошол машинеге жүктөп, жол жаман, “Студебекер” машинелер менен Хасавюртка поездге алып барды. Кырк километрдей болот го. Мал тарткан вагондорго жүктөдү, вагондор муздак кыштын күнү. Ошону менен эки ай жолдо жүрдүк. Себеби поезд согуштун убагында шар кете албайт экен, жолду тосот экен. Ошентип жолдо аябай көп болдук. Ушул жолдо бизге жарма берет. Эки киши жиберет, алар чака менен алып келет, өлбөгөндөй кичинекей нан менен жарма бир күндө бир жолу берет. Поездден да кишилер ооруп өлөт, өлүктү жолго таштай берет. Анан түн ичинде мончого киргизебиз деп бир жерге алып барды. Караңгыда эркек аял дебей мончого айдады. Ошол жактан иним аз жерден калды, бир аял талашып, анын баласы жоголуптур. Азыр мени Кыргызстандагы чечендер молдо кылып шайлашкан. Биз бардыгыбыз байланышып турабыз, чечендердин мамилеси аябай жакшы. Жыл сайын 23-февралда чечен диаспорасы чогултат, биз шейит болгон мекендештерибизге куран түшүрүп, сооп тилейбиз.

Чүй боорунда жашап калган бир катар чечен улутундагылар жергиликтүү калк менен бир туугандай болуп калышкан.

- Менин атым Имаали, мен келгенде жети жашта элем. Бир аз билип калдым. Келгенден кийин ачкалыктын айынан карындашым экөөбүз аябай ооруп калдык. Анан кийин бизге жер берип, биз землянка салдык. Мен болсо аскерге кеткенге чейин трактор айдадым. Азыр пенсиядамын.
Келгенден бери кыргыздар менен бир туугандай жашадык. Алар бизге, биз аларга жардам беребиз. Мен орус тилинде окугам, ал эми кыргыз тилин балдар менен ойноп жүрүп эле үйрөнүп алдым. Биз кыргыздан кыз алып, кыргызга кыз бердик. Куда сөөк болуп калдык. Ачуу басаарына кыргыздардын салтына ылайык бардык. Биз тойлордо өзүбүздүн улуттун салтын карманабыз. Чеченче ырдайбыз, бийлейбиз. Эне тилибизди унуткан жокпуз.
Мен 1973-жылы Кавказда болгом, жакшы жер экен. Мекенди бары бир унутпайбыз кеткибиз келет. Бирок азыр ал жакта жаман тынчыбай атпайбы.


- Мен Буку. Мен 1934-жылы туулгам. Бул жакка 1944-жылы келдик. Бизди Кыргызстанда жакшы эле кабыл алышты. 3 бир тууганым бар болчу келгенде, бири ачкалыктан каза болуп калды. Мен келгенден баштап пахтада анан кызылчада иштедим. Мын азыр бутум шал болуп үйдө жатып калдым. 11 бала төрөдүм. Айылдагылар мени «апа» деп коюшат, сыйлашат. Биз ич ара чечен тилинде, көбүн эсе болсо кыргыз тилинде сүйлөшөбүз. Мен чечен тилине караганда кыргыз тилин жакшы билем.

Кыргызстанга келген чечендердин көбү ачкачылыктан кырылып калган.

- Мен Мамбеталиев Мүнүр, Талас облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы. Бул мындай болгон. 44 жылда мен мектепте окуур элем. Ошол жылы кар калың түшкөн, суук болгон. Алдын ала алардын келээри туурасында маалымат берилип, даярдыктар көрүлдү. Ага чейин бош үйлөрдүн ичин актап, тазалап, шыпырып киргизип, бой жашаган адамдардын үйүнө киргизип, ушундай кам көрүлгөн. Кийинчерээк оор турмушка туура келди, кыштын күнү болду, оокат тартыш болду. Элдин барында эле тартыш. Алар келгенде жакшы эле болчу, кийин жаз келээри менен чечендер четинен кырыла баштады. Алгач аларды кыргыздардын көрүстөнүнө эле көмүштү. Кийин өздөрү менен сүйлөшүп бөлөк көмө башташты. Булар өтө эле эмгекчил калк болот экен. Бара-бара жергиликтүү эл менен аралашып жакшынакай жашап кетишти.

Ар жылы мындан 63 жыл мурунку кандуу окуяны эскерип, шейит кеткен улутташтарына куран түшүрүп, Кыргызстандын аймактарындагы чечендер чогулушат. Ал эми быйыл анчалык чоң болбосо дагы өз өздөрүнчө салтуу иш чара өткөрүлө тургандыгы туурасында, чечен диаспорасынын башчысы Саид Шарипов билдирди.

XS
SM
MD
LG