Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

ЖЕРҮЙ ЖАҢЖАЛЫ БАСЫЛА ЭЛЕК


Айданбек Акматов, Бишкек Кыргызстан экономикасына олуттуу салым кошо турган Жерүй алтын кени ушул кезге чейин ишке кирбей турат. Өкмөт башчы Азим Исабеков өткөн жумада парламентте кенди быйылкы жылы иштетүү башталышы күмөн астында экенин ачыктады. Бул арада Жерүйдү иштетүү укугунан ажыратылган британиялык «Оксус» компаниясы эл аралык арбитраждык сотко кайрылып, кыргыз өкмөтүнөн 100 миллион доллар өндүрүп алууну көздөөдө.

Таластагы Жерүй алтын кенинин кору 70 тоннанын тегерегинде экени маалым. Аны иштетүү үчүн Акаевдин доорунда англиялык «Оксус голд» компаниясы тандалып алынган. Бирок компания өз убагында ишти жүргүзө алган эмес. Анын себептерин Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, өлкөнүн кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев мындайча түшүндүрөт:

-Эми мунун баары саясатка байланыштуу деген ой бар. Оксус менен 1997-жылы сүйлөшүүлөр башталган. 2000-жылы лицензия берилген. Алтындын арзандыгына байланыштуу кээ бир салыктардан бошотууну суранышкан. Бирок аны чече алышкан эмес. Ошого карабай акыркы үч жылда абдан жакшы иштерди башташкан эле.

Бирок Танаевдин өкмөтү буга карабай ал компаниядан лицензияны тартып алган. Ал саясатка байланыштуу болгон чечим деп эсептейт Дүйшев.

Ыңкылаптан кийин Курманбек Бакиев «Оксус голд» менен иштешүүгө ниетин билдирген дейт Дүйшеев:

-Бакиевдин каты бар экен 2005-жылы май айында жазылган. Ошондо 10 шарт коюлган экен. Оксус ал шарттарды бир жума ичинде аткарганын билдиришкен. Анан өкмөт эмне үчүн кайра каршы чыгып калды түшүнүксүз.

Ошентип, андан кийин Жерүй кени «Глобал голд» деген компанияга берилген. Ал компаниянын белгилүү олигарх Борис Березовский менен байланышы бар деген сөздөр парламентте да айтылган. Бирок бул компания кенде жетиштүү иштерди жасаган эмес жана жасаары күмөндүгүн өкмөт башчы Азим Исабеков да мойнуна алды.

Натыйжада жумушсуздуктан, белгисиздиктен акыркы мезгилде жергиликтүү калк нааразылык акцияларына чыга баштады. Бул тууралуу депутат Болотбек Шерниязов парламентте жарыялаган:

-Азыр мына Жерүйдүн жолу жабылып, үч боз үй тигилип эч кимди өткөрбөй турушат. Анан ушинтип экономикалык маселени да саясатка айлантасыңар.

«Эр айдоочу» укук коргоо уюмунун башчысы Качкын Булатовдун 23-февралда Таластан «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Жерүйдө пикет улантылып, аларга коңшу айылдардан да элдер кошулууда. Жергиликтүү калк Жерүй кени боюнча ачык тендер өткөрүлүүгө тийиш деген пикирде болуп жатат.

Ал эми Орозбек Дүйшеев кенди тез арада иштетүү жана эл аралык арбитраждык сотто утулуп, миллиондогон доллар төлөп калбаш үчүн Жерүйдү «Оксуска» кайтарып берүү туура деп эсептейт.

«Оксус» компаниясы өз кезегинде эл аралык соттон арызын алып, Жерүйдү иштетүүгө кызыкдар бойдон калууда дейт Дүйшеев :

-«Оксус» кыргыз өкмөтүнө кат жазды. Анда жаңы премьер-министрди куттуктап, анан Жерүй кенинин тагдыры туура эмес чечилип калганын баяндашкан. Эгерде силер тынчтык жол менен чечебиз десеңер биз макулбуз. Лицензияны бизге кайтаргандан 6 айдан кийин алтынды ишке киргизебиз. Ал эми Таласка силер чечкен күнү 3 миллион долларды которобуз деп жатышат.

Дүйшеевдин айтымында, «Оксус» менен кайра сүйлөшүү башталса анда мурунку келишим кайра каралып, кыргыз тараптын кирешеси 55% жеткирилиш керек. Ал эми азыркы учурда «Оксус» пайдадан түшкөн кирешенин 50% Кыргызстанга берүүгө даярдыгын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG