Бул тууралуу Коргоо министри Дес Браун билдирди. Анын айтымында мындай чечим НАТОго кирген өлкөлөрдүн Гильменд провинциясына кошумча аскер жөнөтпөй койгондон кийин кабыл алынды. Басма сөз агенттиктеринин маалыматына ылайык, Ооганстанга кошумча миңге жакын аскер жөнөтүлүшү мүмкүн. Ушул жумада Британия Ирактагы аскерлердин санын кыскарта тургандыгын билдирген эле.