Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

14:15 Рулу оң тарапта жайгашкан авто айдоочулары нааразылык акциясына чыгышты


Рулу оң тарапта жайгашкан жүздөн ашуун автомашина бүгүн кызыл тасмаларды байлап, тынымсыз сигнал берүү менен Бишкектин борбордук көчөлөрүндө жай жүрүштү. Алар бул аракети менен рулу оң тарапта жайгашкан автоунаалардын жүрүүсүнө тыюу салуу тууралуу мыйзамга каршылыгын билдиришүүдө.
Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, ага президент 11-февралда кол койгон. Мыйзам үч жылдан кийин күчүнө кирет. Ал эми кыргыз өкмөтү мындай үлгүдөгү автомашиналарды өлкөгө алып кирүүгө тыюу салган токтомун кабыл алуусу күтүлүүдө.
Рулу оң тарапта жайгашкан авто айдоочулары бүгүнтөн тарта «Оңчулдар биримдиги» деп аталган уюмдун алдына бириге башташты.

XS
SM
MD
LG