Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

17:15 Ысыккөлдө “Атамекен” саясий партиясынын облустук экинчи жыйыны болуп өттү


КАРАКОЛ. Касымалы Жантөшов атындагы облустук драма театрына чогулган “Ата мекен” партиясынын жактоочулары менен партиянын лидери Өмүрбек Текебаев, Ысыккөл облусу боюнча координатору Эркин Алымбеков, парламент депутаттары Болот Шерниязов, Султан Урманаев жана башка ишкер экономика адистери жолугушту. Депутат Текебаев менен Шерниязов президент Курманбек Бакиевдин кадрдык жана башкаруу саясатын сынга алып, өлкө кризисинде жаңы ыкмалар зарыл болуп турганын чечмеледи. Көлдүктөр жер, алтын маселесин иретке келтирүү талабын койгондо атамекенчилер коррупция бийликте турганын белгилеп, ага оппозиция гана бөгөт коёрун айтышты. Жогорку Кеңештин төрага орунбасары Эркин Алымбеков облус бийлиги менен коопсуздук кызматынан имаратты бошоткула деген кысым болуп атканын айтып, конференцияны шашылыш жыйынтыктады. Жыйындын аягында өлкөнү үй-бүлөлүк башкаруудан арылтуу, кен байлыктарды коргоо жана Сарыжазды сатуу боюнча өкмөттүн чечимин жокко чыгаруу тууралуу кайрылуу өкмөткө жолдонду.(RB)

XS
SM
MD
LG