Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 03:18

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Аптанын дүйшөмбүсүндө Бишкекте улуттук китепканада кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин 75 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтүп, анын алкагында көргөзмө ачылды. Иш-чарага маркумдун жакындары, жазуучулар союзунун мүчөлөрү жана мектеп окуучулары катышты. Улуттук китепкананын жетекчилиги акын-жазуучулардын китеп көргөзмөлөрүн мындан ары такай уюштуруп турушмакчы.

Сүрөтчүлөр уюмунда эл аралык “Принт борбору” ачылды. Басма графика жанрына керектелчү литография, шелкография, гравюра жана офорт жабдыктары бар бул борборду ачууга Кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Швейцариялык башкармалык жана Австриядагы уюмдар көмөк көрсөтүштү. Борбордон эми уюмга кирген сүрөтчүлөр гана эмес, жалпы эле сүрөтчүлүк өнөргө кызыккандар келип иштей алышат. Сүрөтчүлөрдүн айтымында келечекте бул борбордо жыл сайын эл аралык симпозиумдар өтүп турмакчы. Ал эми Сүрөтчүлөр шаарчасы борборунда бул жумада “Транзит – Түштүк полюс” аттуу эл аралык сүрөт көргөзмөсү өттү. Жакырчылыкты, жумушсуздукту, социалдык-экономикалык туруксуздукту, чет мамлекеттерге кетип жаткан эмгек мигранттарынын абалын, жана башка учурдун көйгөйлүү маселелерин чагылдыруу максатында уюштурулган иш-чарада сүрөтчүлөр авангард, инсталяция, перформанс стилинде иштелген эмгектерин көрүүчүлөрдүн сынына коюшту. Көрүүчүлөр ошондой эле Европадан жана Америкадан келген сүрөтчүлөр да эмгектерине күбө болушту. Будапешт ачык коом институту тарабынан каржыланган бул долбоор Кыргызстанда экинчи жолу өткөрүлдү. Алгач түштүктө өтүп, ага Фергана өрөөнүнүн сүрөтчүлөрү катышкан.

23-февраль мекенди коргоо күнүнө карата бир катар иш-чаралар өттү. Өлкөнүн аймактарында салтанаттуу жыйындар, кароо-сынактар уюштурулду. Ал эми ордо калаада каармандык монументине гүлчамбарларды коюу аземи болуп, улуттук опера жана балет театрында салтанаттуу жыйын өттү. Бул маданий иш-чарага мамлекет башчысы жана премьер министр чакырылган. Бирок президент да, премьер министр да катышкан жок. Майрам ээлерин өлкө башчысынын атынан мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров куттуктады. Жыйында ошондой эле айрым аскер кызматкерлерине Кыргыз өкмөтүнүн жана Коргоо министрлигинин грамоталары жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Мекен сакчыларына арналган салтанат кыргыз маданият ишмерлеринин чоң программадагы концерти менен коштолду.
XS
SM
MD
LG