Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Иран туңгуч космостук ракетасын учурганы кабардалды


Тегеран. Ирандын мамлекеттик сыналгысынын маалымдашынча, өлкөнүн туңгуч космостук ракетасы ийгиликтүү түрдө учурулду жана бул иш-чара эл аралык эрежелердин алкагында болду.

Ирандын Космосту Иликтөө Борборунун жетекчиси Мохсен Брахиминин айтымында, бул алгачкы ракета өлкөнүн илим жана технология министрлиги менен коргоо министрлиги тарабынан биргелешип даярдалган. Азырынча сырткы дүйнө үчүн күтүлбөгөн окуя болгон бул космостук ракетаны учуруунун чоо-жайы толук маалымдала элек.

Иран бийликтери мурдараак космостук жасалма жандоочуну орбитага өз алдынча чыгарууга талаптанып жатканын, анын ичинде соодалык максатты аркалоочу сателлиттер да болушу ыктымалдыгын бир нече жолу билдирген болчу.

Буга чейин ирандыктар жасалма жандоочуну орбитага чыгаруу жаатында орусиялыктардын ракеталарына таянып келген. (TT)

XS
SM
MD
LG