Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:54

АФИША: ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Бүгүн Токмок шаарында “Тунгуч” тамаша театры “Боорду эзген борколдойлор” аттуу концертин тартуулайт.

Эртең 27-февралда Кожомкул атындагы спорт ордосунда орус ырчысы Дима Билан кыргыз ыр күйөрмандарына жеке концертин тартуулайт. Бул концертти бир катар радиостанцияларды бириктирген “Европа-медиа тобу” уюштурууда. Алардын айтымында, билеттин баасы 700 сомдон 100 долларга чейин болот.

1-марттан тартып 3-мартка чейин белгилүү эстрада ырчысы Илияз Абдразаков Бишкекте жеке концертин берет. Кечени ырчынын сахналаштары жана “Аура” тобу коштойт. 1-мартта ошондой эле Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде сүрөтчү Нурганыш Асанованын жеке көргөзмөсү ачылат. Ал эми Сүрөтчүлөр шаарчасында 8-мартка карата кыргыз сүрөтчү айымдарынын кыл калеминен жаралган сүрөттөрдүн көргөзмөсү болот.

2-мартта Бабур театрында “Юг станс” жаш каскадерлор коому тарткан “Өчпөс сүйүү” көркөм тасмасы көрсөтүлөт. Бул фильмде чыныгы достук, таза сүйүү жана жалындуу жаштык чагылдырылган. Ал эми ордо калаанын Россия кинотеатрында 1-марттан тартып, 25-мартка чейин Рустам Аташов режиссерлук кылган Бекмырза Рахман уулунун чыгармасынын негизинде тартылган “Министрдин кызынын махабаты” тасмасынын экинчи бөлүгү тартууланат.

Учурда Ош кыргыз драма театрында куудул Талант Анарбаевдын күлкү кечеси өтүүдө. Кечеде Талант мырза жетектеген “Талант шоу” тобунун жаш куудулдары жана ырчылар өнөрлөрүн тартуулашат.

Жуманын соңунда, тактап айтканда 4-мартта “Бешилик” подюсердик борбору уюштурган “Бири куудул, бири ырчы, эл тараза эл сынчы” аттуу күлкү фестивалы башталат. Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүүчү бул кечеде 12куудул 12 ырчы катышат. Мисалы Күмөндөр Абылов менен Салима Балтаева, Жаныбек Алыкулов менен Алина Жетигенова, Абдылда Иманкулов менен Азиза түгөй болушуп ат салышат. Фестивалдын дагы бир катышуучусу, белгилүү куудул Борончу Кудайбергеновдун айтымында фестивалдын талабына ылайык катышуучулар түгөйлөрү менен сатира аткарышып, дует ырдоо менен түрдүү улуттун бийлеринен бийлеши керек. Ал эми Борончу Кудайбергенов түгөйү Нуриса Абазова менен латын америка бийин бийлешмекчи. Бул фестивалдын байге фонду 5500 доллар. Уюштуруучулардын билдиргенине караганда баш байгеге 2миң доллар тапшырылат. Ошондой эле келген көрүүчүлөргө да сынак уюштурулуп, жеңүүчүгө автомашина ыйгарылат.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG