Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

БИШКЕККЕ КАР ТҮШҮП, ЖОЛ ЖҮРҮҮ КЫЙЫНДАДЫ


Бүгүн Бишкекте кечке чейин тынбай жааган кардан улам жол жүрүү кыйындап, борбордук көчөлөрдө унаалардын узун кезеги пайда болуп жатты. Негизинен Бишкектик айдоочулар түшкөн кар тазаланбай, жол тайгак болуп жатканына нааразы болуп келишет. Ал эми шаардык бийликтин өкүлдөрү кар тазалоочу атайын техниканын жетишсиз болуп жатканын айтышууда.

Бишкектик айдоочулар үчүн кардын калың жаашы оңбогондой эле түйшүк жаратат. Анткени, жааган кар дөңгөлөк адында тапталып, жолдор тайгак болгондуктан, мындай учурда жол кырсыктары да көп болот. Ал эми шаардык бийликтин алдындагы жолдорду тазалоо, жыйноо кызматтары азырынча чама-чаркы чектелүү экенин айтышат. Ушундан улам Орусия менен Казакстандын шаарларында көчөлөр убагында тазаланып турганын көргөн айдоочулар, Бишкектин көчөлөрү да ошолордуку сыяктуу тазаланып турса жол кырсыктары аз болмок дешет. Он жылдык тажрыйбасы бар Бишкектик айдоочу Мирбек Турдалиевдин айтымында, шаардык жолдордун талапка жооп бербегендиги жана акыркы мезгилде унаалардын көбөйүп кеткени да ага кошумча болуп, жол кырсыктарын көбөйтүүдө:

- Менин машине айдаганыма он жылдан ашты, отуз эки жаштамын. Мобу шаар ичиндеги машинелердин көп болушу, анан жолдордун талапка жжоп бербегендиги кыйынчылык жаратып атат. Ошондон улам машине да сынат экен. Жолдор да убагында тазаланбай жүдөттү. Эгер кургак болуп, жолдорду убагында тазалап турушса, тайгак болбосо кырсыктар да аз болмок. Мисалы, Казакстандагыдай карларды өз убагында тазалап турушса, бардыгы жакшы болмок.

Бишкек шаар башчысынын маалымат катчысы Данияр Шабдановдун ырасташынча, кар калың жаап калган учурда жолдорду тазалаган мекемелердин техникасы жетишпей жатат. Ошондон улам жаңы техникаларды сатып алуу чаралары көрүлүүдө:

- Шаарыбыздагы комбинаттардын кар жаап калганда тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн техникасы жетишпейт. Бүгүнкү күндө биз атайын техникаларды сатып алуу боюнча иштерди жүргүзүп атабыз. Жолдорго кумдарды, туздарды сепкен, кар тазалаган машинелерди жакында Орусиядан, башка өлкөлөрдөн атайын техникаларды сатып алсак, бул жакка алып келсек, тазалоо иштерин жүргүзгөн комбинаттардын иштери жеңилдейт эле. Ошол багытта жакында атайын тендер жарыялап, атайын техникаларды сатып ала баштайбыз.

Шаар ичинде жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобустардын санынын көптүгү да жол жүрүүнү кыйындатып жатканы айтылып келет. Айрым шаардыктардын пикири боюнча, жол тайгак болуп атса кичи автобустардын каалаган жерге токтоп атканы да жол кырсыктарына себепчи болууда. Ошондон улам кичи автобустардын ордуна чоң автобустарды жана троллейбустарды жүргүзүү керектиги айтылып келет. Бул туурасында Данияр Шабданов мындай дейт:

- Ордо калааны чоң автобус жана троллейбустар менен толук камсыз кылып, жанагы кичи автобустарды алып таштоо үчүн бизге бери эле дегенде 300 троллейбус, 400 чамалуу чоң автобус керек. Ал эми толук камсыз кылуу үчүн 600 чамалуу чоң автобус 400 ашуун троллейбус керек. Мындай техниканы сатып алуу биздин бюджетте каралган эмес.

XS
SM
MD
LG