Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:53

КАРАСУУ БАЗАРЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРДУ ТАЛАШКА ТҮШТҮ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Караcуу базарынын башчылыгын талашкан маркум Рысбек Жоошбековдун жакындары менен жаңыдан дайындалган Манас Үсөновдун жактоочуларынын ортосундагы тирешүү уланууда. Биринчи тарап базар башчылыгын өзүбүз шайлайбыз дешсе, экинчилери дайындоо менен келген жаңы базар башчысынын мыйзамдуу укуктары корголсун деген талаптарын коюшуп, бир пикирге келише албай жатышат.

Карасуу базарынын алдында мурдагы базар башчысы маркум Рысбек Жоошбековдун жакындары чогулушуп аны буюртма менен атып кеткен кылмышкерлерди издеп табууну жана базар башчылыгына шайлоо өткөрүү же болбосо Рысбектин бир тууган агасы Таирбек Жоошбековду убактылуу дайындап берүүнү талап кылышууда:

- Көчөдө атып кетсе, же авария кылып өлтүрүп кетсе мейли эле. Эшигинин алдынан келип атып кеткени бизди күйгүзөт. Керек болсо өзүбүз колго курал алып чыгабыз. Өлсөк өлүп кетели, аткандарды таап беришсин. Эмне үчүн ушул жерге губернатор, башка чоңдор келбейт ушунча эл тополоң болуп атса. Келип өзүнүн акыл сөзүн айтса болот беле, - деди мурдагы базар башчысы маркум Рысбек Жоошбековдун жакындарынын бири Тамара Абилова.

Буга чейин базар башчылыгынын милдетин аткарып келген Маматкасым Жолдошев болсо бийлик эмгек жамаатынын жана жергиликтүү элдин кызыкчылыктары менен эсептешпей жатат деп айыптап, базар башчылыгына алардын макулдугусуз дайындоо жүргүзгөндүгүнө нааразы болуп чыгып жатышкандыгын билдирди:

- Ушул жерде жамааттын ой-пикирин укпай туруп буйрук чыгарып койгон базар башчылыгы боюнча. Ошого эл нааразы болуп чыгып атат. Ушул жерде болгону эки эле маселе коюп атышат. Биринчиси, өлтүргөн адамдарды таап бериш, экинчиси, жамааттын өзүнүн койгон адамын базар башчылыкка шайлап бергиле деген, - дейт буга чейин Караcуу базарынын башчысынын милдетин аткарып келген Маматкасым Жолдошев.

Ал эми мамлекеттик мүлк корунун түштүк аймактык өкүлчүлүгү тарабынан расмий буйруктун негизинде базар жетекчилигине жаңыдан дайындалган Манас Үсөнов болсо мурдагы базар башчысы маркум Рысбек Жоошбековдун жакындары базар башчылык кызматтын кармап калуy максатында жеке керт баштарынын кызыкчылыгы үчүн чатак уюштурyп жатышат деген билдирүүсүн жарыялады:

- Бул жерде жеке кызыкчылык болуп атат. Себеби булардын сөзүнөн байкаса болот. Биринчи кыркын, кийин майрамды шылоолоду. Эми болсо үч ай базарды берип тургула деди. Адамдарды алдаштын кереги жок. Жеке Жоошбековдун үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгы болсо керек. Калганын Кудай көрсөтөт, эл-журт чечет, - деди Караcуу базарынын башчысы Манас Үсөнов.

Анткен менен жергиликтүү талдоочу Эркин Кожогелдиев болсо Караcуу базарындагы кирешелүү булактарга көздөрүн кызартышкан күчтөр базар башчылыгын көзөмөлгө алуу үчүн аракет кылып жатышкандыгын айтып, мындай көрүнүштүн алдын албаса жаңы кан төгүүлөргө жана курмандыктарга алып келиши мүмкүн экендигин эскертти. Ал маселени чечүү үчүн базар толугу менен өкмөттүн көзөмөлүнө өтүшү керектигин сунуштайт.

Учурда Карасууда базар башчылыгын талашкан тараптардын кагылышып кетпөөсүн камсыздоо боюнча чаралар көрүлгөндүгүн билдирди облустук милициянын маалымат катчысы Жеңишбек Аширбаев.

XS
SM
MD
LG