Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

ОСКАР СЫЙЛЫГЫ ЭЭСИН ТАПТЫ


"Ханыша", "Падыша" жана Мартин Скорсезе. Үстүбүздөгү жылдын Оскар сыйлыктарына мына ушулар татышты.

"Кудайдан жөө качкандар" деп аталган кылмышкерлер тууралуу мына ушул көркөм фильм дүйнөдөгү эң атактуу кино атаандаштыгынын эң башкы жеңүүчүсү болуп калды. Атагы таш жарган режиссерлер Стивн Спилберг, Фрэнсис Форд Коппола жана Жорж Лукас сахнага чыгып, быйылкы эң мыкты режиссердун ысмын Спилберг атады. Жеңүүчү жарыялоочулардын эң жакын досу болуп чыкты:

– Оскар "Мартин Скорсезеге берилет!"

"Такси айдоочу", "Ызырынган бука" сыяктуу белгилүү тасмаларды тарткан 64 жаштагы Скорсезе Оскарга буга чейин беш ирет көрсөтүлгөнү менен, алтын айкелди бир да жолу ала элек болчу. Голивуддун эң атактуу жылдыздары менен продюссерлери анын атын укканда, жапырт орундарынан туруп, дүркүрөтө кол чабышты.

Фильм Академиясынын бул сыйлыгы мага өтө чоң урмат, сыйлыкты менин эски досторумдун ыйгарышканы да зор урмат болду. Биз 37 жылдан бери доспуз. Өтө толкунданып жатам,- деди Скорсезе сыйлыкты алып жатып.

Бостондогу уюшкан кылмытуулук жөнүндөгү "Кудайдан жөө качкандар" ошондой эле Оскардын "эң мыкты фильм" сыйлыгын алды.

Голивуддун Лос-Анжелестеги штаб-квартирасындагы аземдин алдында "Ханыша" фильминде Англиянын ханышасы Элизавета Экинчини ойногон Хелен Миррен "эң мыкты актриса" наамын алат деп болжолдонуп жаткан, божомол туура чыгып, Миррен да агынан жарылып сүйүндү.

-Рахмат Академия, чоң рахмат, бул чоң сый-урмат. Бул урматты мыкты ролдорду ойногон башка актрисалар менен да бөлүшкүм келет,- деп айтты Миррен.

"Эң мыкты актер" болуп "Шотландиянын акыркы падышасы" фильминде Уганданын диктатору Иди Аминди ойногон Форрест Уиттейкер алды:

Бул сыйлык Чыгыш Техаста туулуп, Лос Анжелес, Калифорнияда чоңойгон адам да өз кыялына жете ала тургандыгын далидеди,- деп айтты Уиттейкер. Чынында эле, Оскар алгандардын арасында кара түстүү америкалыктар көп учурабай тургандыгы жашыруун эмес.

"Эң мыкты жардамчы актер" деп "Жаркылдаган тапан кызда" маң затка берилген чоң атаны ойногон 72 жаштагы Алан Аркин табылды. Тасма сулуулук конкурсунда жеңем дегенде ак эткенден так эткен кичинекей кыз менен анын үй-бүлөсү туурасында баяндайт.

Президенти актер болгон өлкөдө вице президенти эмне үчүн мыкты режиссер боло албасын. Айткандай эле, Жер абасынын ысышы жана климаттын өзгөрүшү тууралуу "Ыңгайсыз чындыкты" тарткан Ал Гор Оскардын "эң мыкты документалдуу фильми" үчүн сыйлыгын алды.

Эң мыкты чет элдик тасма деп немистердин "Башкалардын жашоосу" табылды. Анда 1980-жылдары, коммунизмдин тушунда, Чыгыш Германияда драматург менен ал сүйлөшкөн атактуу актрисаны Стази коопсуздук кызматынын тыңчылары артынан түшкөн окуялар чагылдырылат.

Жеңүүүлөр болгон жерде жеңилгендер да болот эмеспи. Ал эми Оскардын 79-конкурсундагы эң башкы жеңилүүчү "Бейбл" болуп калды. Бул тасмада төрт башка үй-бүлөнүн Мароккодо, Кошмо Штаттарында, Жапонияда жана Мексикадагы жашоосу баяндалат. Жети номинация алган тасма бир гана "эң мыкты музыка" Оскарын гана алып калды.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG