26-февралда болгон жолугушууда элчи Авазбек Атаханов менен Кеңештин төрагасы, ирандын мурунку президенти Али Акбар Хашеми Рафсанжани эки өлкөнүн өз ара кызматташуусун өнүктүрүү маселесин талкуулашкан. Иран тарап Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташууларды өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирген. (AiT)