Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:04

ДАСТАН САРЫГУЛОВ: МАМЛЕКЕТТИ БАШКАРУУГА ЭЛ ӨЗҮ КАТЫШКАН СИСТЕМА КЕРЕК


«Азаттыктын» маектеши - мурдагы мамлекеттик катчы, азыр “Кайра жаралуу "Манас" Эл биримдиги” коомдук бирикменин Бакай Кеңешинин мүчөсү Дастан Сарыгулов. Аталган бирикме мындан үч күн мурда президентке жана элге кайрылуу менен чыккан эле. Анда өлкөдөгү кырдаалды оор деп мүнөздөлүп, башка сунуштардын катарында Элдик Курултай институтун Конституцияга киргизүү зарылдыгы белгиленген.

- Конституциялык реформа деген маселе өлкөдө жаны жылдан кийин бир азга унтулгандай болуп калды. Бирок азыр кайра көтөрүлүүдө. Кайрылууга караганда сиздер оппозициянын “Бириккен фронт” деген кыймылынын чыныгы Конституциялык реформа жүргүзүү керек деген демилгесин колдоп жатасыздарбы?

- Биз мындай пикирге фронттон мурда эле келгенбиз. Биз Бакай Кеңеште талкуулап, төмөнкү чечимдерге токтогонбуз. Өлкөбүздүн бүгүнкү оор абалдан чыгарууга калың эл катышпаса, бир дагы бийлик, президент, Жогорку Кеңеш алып чыга албайт деген ойдобуз. Демек өлкө тагдырын чечип, аны башкарууга элдин өзүн катыштырган мамлекет бийлигинин жаңы түзүлүшүнө, жаңы саясий системага өтүү зарыл болуп турат. Ал эл бийлигин орноткон элдик курултай аркылуу өкмөттү өзү жетектеген күчтүү президенттен жана президент тарата албаган күчтүү Жогорку Кеңештен арылабыз деген ойдобуз. Бийликтин жоопкерчилигин камсыз кылган жылына бир жолу элдик курултайга президент, Жогорку Кеңеш, Жогорку сот, башкы прокурор, эсептөө палатасы өз иши жөнүндө жооп берип, элден баа алып турушу зарыл деп терең ишенебиз.

- Сиздердин көз карашта ушундай сунуштарды кантип ишке ашыруу керек. Маселен, Бириккен фронт деген кыймыл сунуш кылгандай оболу президенттик шайлоону кайра өткөрүү керекпи? Алар жаңы шайланган президент гана ошондой Конституциялык реформаны жасай алат деп жатат. Сиздер кандай деп эсептейсиздер?

- Өлкө абалын оңоп кетчү аракеттердин баарын татыктуу колдош керек деген ойдобуз. Бирок бир гана шарт менен, эгер алар эл ынтымагына өлкө биримдигине коркунуч келтирбесе. Себеби, ынтымак кеткен жерге ырыс келбейт дейт бабаларыбыз. Биз жаңы Баш мыйзамды талап кылуу маселесинде Бириккен фронтко кошулабыз. Бирок ага кандай жол менен жетүү бул бөлөк маселе.

- Мунун жолун азыр сиздер деле так айта албайсыздар. Бул анда бийлик менен талкууланып көрүлүшү керекпи?

- Биздин пикирибиз боюнча жол мындай. Биз өзүбүздүн иш чараларыбызды, негизги багыттарыбызды калың элге, бийликке сунуштадык. Бийлик ушул чараларды элдин талкуусуна коюп, эл менен кеңешип чечсе, эл өзү бир бүтүмгө келсе жакшы болот эле. Бирок, ушундай орчундуу абалды түп-тамыры менен өзгөртө алган жаңыланууга мыйзамдуу шарт түзүп, анын барын Баш мыйзамга киргизүү зарыл. Ансыз ишке ашпайт. Мына ушул жерге келгенде биз Бириккен фронттун пикири менен оюбуз бир болуп чыгат.

- Ал эми мындай нерсеге кандай карайсыздар, мисалы азыркы Конституция кандай иштерин балким 2-3 жыл күтүп туруу керектир, же азыр ал иштебеси эмитен эле көрүнө баштадыбы?

- Бүгүнкү өлкөнүн абалынын оңолуп кетүүсүнө азыркы Баш мыйзам негиз болуп бере албайт. Муну турмуш өзү күнүгө тастыктап атат. Байкап атасыздар, Кочкордогу, Таластагы, жер-жердеги кырдаал таптакыр бөлөкчө мамлекет башкарууну талап кылып тургансыйт биздин пикирибиз боюнча. Мындан тышкары, Кыргызстан элинин 68 пайызын түзгөн кыргыздардын абалы оңолмоюнча өлкөбүз алдыга жылбайт. Биз буга терең ишенип турабыз. Андан тышкары көп тепкичтүү мамлекет башкаруудан эки тепкичтүүгө өтүү зарыл болуп калды. Президент өкмөттү өзү жетектесе, облустар жоюлса, райондор ирилештирилсе, аймактар түзүлсө бул эки тепкичтүү кыска так жоопкерчилиги анык мамлекеттик башкаруу болот эле. Муну мезгил талап кылып турат. Бул бышып жетилген маселеге айланды бүгүн. Ошон үчүн жанагы Баш мыйзам бүгүнкү турмуштун, мезгилдин талабына жооп бербей калды.

- Дастан мырза, бөлүшкөн ойлоруңузга чоң ырахмат.


Маектешкен Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG