Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

ГРУЗИЯ НАТОГО МҮЧӨ БОЛУП КИРҮҮГӨ ҮМҮТТӨНӨТ


Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Еврошаркеттин жана НАТОнун баш кеңсесине визитин улантып жатат. Бүгүн кечинде ал НАТОнун баш катчысы Яаап де Хоф Скеффер менен жолугушуп, Грузия менен аскердик блоктун ортосундагы алакаларды талкуулайт. Кечээ Брюсселде Саакашвили Грузия НАТОго кирүү үчүн келерки бир- эки жылдын ичинде чакыруу алаарына үмүтүн билдирди.

Еврошаркет менен Нато Грузияны бул уюмдарга кабыл алуу алардын жана Грузиянын Россия менен мамилелерин ого бетер татаалдандат деп эсептешет. Бул жөнүндө кечээ Саакашвилиге Еврошаркеттин тышкы байланыштар боюнча жооптуу кызматкери Хавьер Солана кыйытты. Сүйлөшүүдөн кийин Саакашвили Грузиянын Еврошаркетке кирүүсү жөнүндөгү позициясын тактагысы келип буларды айтты:

-Биз уюмга кирүү визасын алууда жеңилдик берилишин, айрыкча жаштарга, ишкерлерге жана башка адамдарга, жалпы эле грузиялыктарга жеңилдиктердин берилишин көздөйбүз. Биз соода режиминде жеңилдик берилишин, андан пайда табууну, жалпылап айтканда, Еврошаркетке мүчө болуунун зарылыгын талап кылбаган, бирок мүчө өлкөлөрдүн жеңилдиктерине жакын шарттардын түзүлүшүн каалайбыз , - деп айтты президент.

Кечээги сүйлөшүүдө Хавьер Солана уюм Грузия менен кызматташууну "Европанын коңшулук саясаты" программасынын алкагында жүргүзө турганын, ал программада Түштүк Кавказ жумурияттарынын баары бирдей камтылганын айтты. Солананын Еврошаркеттин Грузия боюнча позициясы менен макул экенин билдирип, Саакашвили "Биз эч кимдин итиркeйин келтиргибиз келбейт, ошон үчүн Еврошаркеттин каалгасын каккылап турган жокпуз",- деп тамашалады.

Бирок Грузия НАТОго мүчө болуп кирүүгө чоң үмүт артат. Дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө Саакашвили ушул жылдын аягында же келеркинин башында Грузиянын аскердик блоктун "Мүчөлүк үчүн аракеттер планына" киргизилишин күтүп жатканын жашырган жок. Кыскача "МАП" деп аталган бул план уюмга мүчө болуп кирүүгө иш жүзүндө жол ачат.

Ошону менен кабар эле Грузиянын мамлекет башчысы Тбилиси менен Москванын менен ортосундагы жаңжалды жөнгө салууда жылыштар бар экенин баса көрсөткөнгө ашыкты. Экономикалык санкциялар дагы эле күчүндө кала берип жатканы менен эки ортодогу кайым айтыш пастап калды деди ал. Ошону менен бирге эле козголоңчул Түштүк Осетия жана Абхазия жумурияттарына байланыштуу маселелерди Европанын колдоосу менен дипломатия жолу менен жөнгө салууга кызыкдар экенин жана аларды Грузиянын территориалдык бүтүндүгүн сактап калуу принцибинин негизинде чечүү керек экенин баса белгиледи.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG