Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 12:46

КАРАСУУ БАЗАРЫНА БАШЧЫ БОЛУП ТАЙЫРБЕК ЖООШБЕКОВ ДАЙЫНДАЛДЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Карасуу базарынын башчысын дайындоо боюнча маселени иликтөөгө алган атайын комиссия маркум Рысбек Жоошбековдун агасы Тайырбек Жоошбековду убактылуу базар башчылыгына дайындоо боюнча чечим чыгарды. Мындай бүтүмгө нааразы болгон базардын түпкү негиздөөчүсүнүн уулу Манас Үсөновдун жактоочулары расмий дайындалган жетекчинин мыйзамдуу укуктары зордук-зомбулук менен бузулду деп эсептешип облустук акимчиликтин алдына пикетке чыгышты.

27-февраль күнү облустук акимчиликтин алдына базар башчысы болуп Жоошбековдон мурда дайындалган Үсөновдун мыйзамдуу укуктарын коргоп, анын жүздөн ашуун жактоочусу нааразылык билдирип чыгышты.

Базар башчылык кызматка Тайырбек Жоошбековдун убактылуу дайындалышын Манас Үсөновдун жактоочулары зордук-зомбулук астында кабыл алынган чечим катары баалашып, расмий дайындалган жетекчинин мыйзамдуу укуктарынын кайтарылып берилишин талап кылышты:

- Жоошбеков Тайыр базар башчысы болсун деген чечим кабыл алышкан экен. Биз ага каршыбыз. Кыргызстаныбызда закон таасир этпейт экен. Конституция деп бакырып атабыз. Райондук акимди чакырсак келбейт. Райондук милициянын башчысы оозун ачып турат, мыктарды сайгылап бизди тытып, уруп атса дагы. Закон болуш керек, закондун чегинде чечип берсин, - деди Манас Үсөновдун бир тууган эжеси Гүлсүн Үсөнова.

Ал эми атайын комиссиянын төрагасы, Ош облусунун губернаторунун орунбасары Ажыбек Касымалиев Тайырбек Жоошбековдун жактоочуларынын талабы боюнча аны убактылуу дайындоого мажбур болушкандыгын айтып, ошол эле учурда Манас Үсөновго чыгарылган буйрук күчүндө экендигин эскертти. Анын айтымында, жакын арада базардагы кырдаал турукташпай турган болсо, экономикалык кесепеттерге алып келиши мүмкүн:

- Кошуна мамлекеттер азыр базарды өзүнө тартып алышка аракет кылып атат. Мансаркансайдын жанына чоң базар куруп атат, ары Сох дарыясында Тажикстан өзүнчө базар куруп атат. Элди ошол жака тартып кетүү болуп атат алардын аракети. Эгерде бизде стабилдүүлүк болбосо эртеңки күнү базардын элин ошол жака тартып кетиш оңой аларга.

Макулдашуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири, Карасуу эл базарынын башчысынын орунбасары Базарбай Бейшебаев болсо Тайырбек Жоошбековду убактылуу дайындоо чечими базар башчылыгынын айланасындагы ызы-чууну басууга жасалган аракет болду деп белгиледи:

- Бул эки жактын тең адамдарын көтөрүп алды. Эгер бүгүн Тайыр постту бошотуп кетип калса, анын аркасынан ээрчиген адамдар айтат эле, сен эмнеге бизди ээрчитип келдиң, эмнеге кетип калдың деп. Бир айга туруп турам деген сөз, Тайыр менен кошо ээрчип келген балдарга айтып коюш, мына силердин мээнетиңердин негизинде мен бир ай отурдум деп. Манас дагы өзүнүн балдарын ээрчитип кетти, бир айдан кийин мен барат экемин деп. Бул эл үчүн болгон иш болду. Негизи элди көтөрүп чыкпаш керек эле. Көтөрүп чыккандан кийин экөө ушундай тандемге келишти.

Облустук акимиаттын алдына чогулушкан Үсөновдун жактоочулары базар башчылык орунду Жоошбеков бир айдан кийин бошотуп берет деген шартнаамадан кийин гана таркап кетүүгө аргасыз болушту.

Жергиликтүү талдоочулар Карасуу базарынын айланасындагы кырдаалдын курчушуна бийликтин жоопкерсиздиги жана кирешелүү булакка жутунган күчтөрдүн абийирсиз аракеттери себеп болууда деген аныктамаларын айтышууда.

XS
SM
MD
LG