Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:05

2006- ЖЫЛДЫН МЫКТЫ СПОРТЧУЛАРЫ КИМДЕР?


Өткөн жылдын эң негизги, эң маанилүү мелдеши - ХV Азия оюндары болуп, ал боюнча Кыргыз спортунун 2006-жылдагы абалы аныкталып жана жыйынтыгы чыгарылды. 27-февралдын кечинде Бишкекте өткөн жылы жылдызы жанган мыкты спортчу, машыктыруучу жана журналистерге сый- урмат көрсөтүү салтанаты болду. Бул салтанаттан «Азаттыктын» спорттук баяндамачысы Кабыл Макешке да «мыкты журналист» деген күбөлүк тапшырылды.

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитети менен өлкөнүн дене тарбия, спорт, балдар жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агентиги Кыргыз спорту жакшыбы, жаманбы, аны 2006-жылдагы XV Азия оюндарынын жыйынтыгы боюнча баа беришип, өткөн жылдын мыктыларын аныктады.

Өткөн жылдын мыкты спорттук федерациясы деген сыйга өлкөнүн грек- рим күрөшү федерациясы татыктуу болду. Себеби 15- Азия оюндарында кыргызстандык төрт балбан грек- рим күрөшүнөн коло байгелүү болушкан.

Дохадагы 15-Азия оюндарында грек-рим күрөшүнөн байгелүү үчүнчү орунду ээлеген балбандар Данияр Көбөнов, Жанарбек Кенжеев, Руслан Түмөнбаев жана Нурбек Ибраимовду жылдын мыкты спортчулары аталып, урмат- сыйга арзыды.

Ошондой эле былтыр күзүндө Кытайдын Гуанжу шаарында өткөн дүйнө чемпионатында грек- рим күрөшүндө Канатбек Бегалиев күмүш медаль тагынган. Спорт адистери Канатбек Бегалиевди жылдын мыкты спортчусу атап, анын чеберчилигине жогору баа беришти.

Калыстардын айынан Данияр Көбөнов Пусанда жана Дохадагы Азия оюндарында алтын байгеден куру калып, арманда жүрөт. Азия чемпиону, 14-15-Азия оюндарынын күмүш, коло байге ээси Данияр Көбөнов быйылкы олимпиадалык кече жакшы уюшулганын, мыктыларды калыс баалаганын билдирди.

Азиянын көп жолку чемпиону Татьяна Ефименко төрт жыл мурда Пусанда 14 - Азия оюндарында чемпион аталса, былтыр Дохада тактикалык ката кетирип, чемпиондугун сактай албай күмүш медаль тагынды. Ал дагы өткөн жылдын мыкты спортчусу аталды.

Ошондой эле 15-Азия оюндарында эркин күрөштөн коло байге уткан Яна Панова да жылдызы жанып, жылдын мыктысы болду.

Өткөн жылдын мыкты машыктыруучулары деген урмат- сыйга велоспорттон Эркин Аркамов, грек- рим күрөшүнөн Раатбек Мамбетов, Эмил Алыкулов, Мейрамбек Ахметов, Амиркул Молдобаев, эркин күрөштөн Анарбек Үсөнканов, Таалай Каюмов, жеңил атлетикадан Игор Паклин татыктуу болушту.

Ошондой эле самбо, таеквондо, көкбөрү, ордо оюндары боюнча да мыкты спортчулар менен машыктыруучуларга баалуу сыйлыктар ыйгарылды.
2006-жылдын мыкты машыктыруучусу аталган өлкөгө эмгек сиңирген устат Мейрамбек Ахметовдун айтымында быйылкы жыл кыргыз спортчулары үчүн өтө жооптуу. Себеби ушул жылда Пекин олимпиадасына жолдомо алуу үчүн таймашуулар болмокчу.

«Спортко өкмөттөн керектүү суммада каражат бөлүнүп жатат, былтыркы ийгиликтер катааттандырат. Быйыл Пекин олимпиадасына жолдомо жеңип алуу керек”,- дейт өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бектур Асанов.

Жылдын жыйынтыгы калыстык менен чечилбей балбандар менен жеңил атлетчилерден бөлөк дагы мыкты ийгилик жараткандардын мээнети бааланбай калганын шахмат боюнча Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегиндин атасы Төлөгөн Исаев билдирген.

Дохадагы 15 - Азия оюндарына катышкан 45 өлкөдөн Кыргызстан 2 күмүш, 6 коло байгелүү болуп, 28-орунду камсыз кылды.



Сүрөттө: Дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентиктин директору Бектур Асанов, 2006-жылдын мыкты спорттук журналисти Кабыл Макеш жана Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG