Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

7:00 Таласта Жерүй алтын кенине кеткен жолду тосуу акциясы токтоду


Биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов баштаган топтун нааразылыкка чыккан эл менен кечээки сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында тараптар мунасага жетишти. Натыйжада «Жерүй алтын» ишканасы жергиликтүү калктын талаптарын аткара турган болгонун «Азаттыкка» Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Манас Мамбеталиев кабарлады. Анын айтымында, кечээ кечке жуук эл тарап, бирок кеч болуп калгандыктан жолго тигилген боз үйлөр бүгүн чечиле турган болду. «Жерүй алтын» ишканасы тарабынан буга чейин берилген убадалардын аткарылышын талап кылган Таластын Бекмолдо айылынын тургундары кенге барчу жолго үч боз үй тигип, эки жумадай убакыттан бери эч кимди өткөрбөй турушкан. (SM)

XS
SM
MD
LG