Аталган жыйынды уюштуруу боюнча комитет төрагасы - президенттик админстрация башчысы Мыктыбек Абдылдаев менен тышкы иштер, каржы, транспорт жана коммуникациялар министрлери бүгүнкү маалымат жыйынында бул маселе боюнча журналисттерге маалымат берип, суроолорго жооп бермекчи. Каржы министрлиги Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынын өткөрүү үчүн 350 миллион сом бөлүнөөрүн буга дейре билдирген. (SM)