Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:03

ЭЛ АРАЛЫК СОТ СЕРБИЯНЫ АКТАДЫ, БИРОК АГА ТАЛАП КОЙДУ


Нарын АЙЫП, Прага 25-февралда Гаага шаарындагы Эл аралык сот Сербияны актаган чечим кабыл алды. 1995-жылы Сребреница шаарында болгон кыргынды ал уюштурууга ал тикелей катышкан эмес деп табылды, бирок анын алдын алуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болчу.

Тарыхта биринчи жолу бир мамлекет башка мамлекетти тукум курут саясат жүргүзгөнү үчүн күнөөлөп, аны сотко берген. Югославия федерациясы чачырап, ага кирген жумурияттардын катарында Босния дагы өз эгемендүүлүгүн жарыялаганда, Босниядагы сербдер өкмөттү колдобой, анын аймагында өз алдынча серб жумуриятын жарыялаган жана Босниянын өкмөттүк аскерлерине каршы согушкан. Ал жумурияттын президенти болуп Радован Каражич шайланган жана алардын армиясын Ратко Младич башкарган.

Ич-ара согуш 1992-жылдан 1995-жылга чейин уланган, анда 100 миңге жакын адам курман болгон жана Босния өкмөтү 1994-жылы эл аралык сотко кайрылып, кошуна Сербия - Босниянын аймагында түзүлгөн серб жумуриятына колдоо көрсөтүүдө жана ал геноцид үчүн Сербия дагы жооптуу деп чыккан. Эгер күнөөлүү деп табылса, Сербия Боснияга ири кенемте акча төлөш керек болмок.

1995-жылдын июлунда босниялык сербдердин армиясы Сребреница шаарын басып алып, анын эркек жана аял тургундарын бөлүп, сегиз миңге жакын эркекти кырып салган, алардын арасында жаш балдар да бар болчу. Сотко төрагалык кылган Розалин Хиггинстин айтымында, ал кыргынды жүргүзүүгө Сербия тарабынан буйрук болгону же аны уюштурууга Сербия жетекчилиги катышканы тууралуу жетиштүү далил табылган жок, ошондуктан Белград мамлекеттик күнөөдөн акталды.

Бирок сот чыгарган чечим боюнча, ал кыргындын алдын алууга Сербиянын мүмкүнчүлүктөрү бар болчу жана андан пайдаланбагандыктан, Сербия - геноцидке жол бербөө боюнча эл аралык конвенцияны бузган. Ал кыргынды уюштургандарды эмгиче кармап бербегени үчүн дагы Сербия жооптуу деп табылды.

Мурдагы Югославия боюнча түзүлгөн Эл аралык трибунал ал ич-ара согуш учурунда болгон кылмыштар үчүн алты адамды эмгиче издеп жүрөт жана алардын ичинде Младич менен Каражич да бар, алар баары Сербиянын аймагында жашынууда. Аларды кармап бербегени үчүн Европа Биримдиги дагы былтыр - Сербиянын Биримдикке мүчө болуп кириши тууралуу сүйлөшүүнү токтотуп салган.

Соттун чечими жарыяланганда, анын имараты алдында чогулган демонстранттар каршылык билдирип, сот саясий чечим кабыл алды деп кыйкырышты. Сербиянын президенти Борис Тадич болсо сот чечимин адилет деп атап, Сребреницадагы кыргын боюнча эми Серб парламенти декларация кабыл алыш керек деп билдирди:

"Сот чечиминин эң маанилүү бөлүгү - 1995-жылдагы Сребреница кыргынын Сербия токтото алган эмес жана аны менен эл аралык мыйзамды бузган деп табылганында. Ошондуктан серб парламенти жакын арада Сребреницадагы кылмышты сынга алган декларация кабыл алыш керек", - деди Тадич 27-февралда.

Боснияны болсо согуштан бери бир-бирин алмаштырып турган үч президент башкарат. Алардын бири - серб Небоша Радманович чечимди колдоду, бирок ал баарына жакпай турганын түшүнгөнүн да билдирди, босниялык жана хорват президенттер Харис Силажич менен Зелко Комшич такыр башка чечим күткөнүн жашырган жок.

XS
SM
MD
LG