Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

ГРУЗИЯ ПРЕЗИДЕНТИ СААКАШВИЛИ БРЮССЕЛДЕ


Нарын АЙЫП, Прага Грузия президенти Михаил Саакашвили үч күндүк сапар менен Брюсселде болду жана НАТО уюму менен Европа Биримдигинин жетекчилери менен жолукту.

26-февралда Саакашвили Брюсселде Европа Биримдигинин тышкы саясаты жана коопсуздук маселелери боюнча бийик өкүлү Хавьер Солана менен, жыйырма жетисинде болсо НАТО уюмунун баш катчысы Яап де Хооф Схеффер, Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу жана Биримдиктин кубат маселелери боюнча комиссары Андрис Пибалгс менен жолукту.

Негизинен - Грузиянын НАТО уюму жана Европа Биримдиги менен кызматташуусун күчөтүү, мүмкүн аларга мүчө болуп кошулушу жана Грузиянын курамына кирген Абхазия менен Түштүк Осетия маселелери талкууланды.

Саакашвилинин өзүнүн журналисттерге билдиргенине караганда, Грузиянын иштерине Европа кеңирирээк катышууга макул болду: "Кечээ күнү өзүңөр уктуңар мен Солана менен сүйлөшкөндө жана бүгүн Европа комиссиясынын төрагасы менен жолукканда дагы биз - тынчтык орнотуу күчтөрүнүн иштөө тартиптерин өзгөртүп, Европанын ал иштерге катышуусун кеңейтүү тууралуу сүйлөштүк. Бул ири жетишкендик, чоң жаңылык", - деди Саакашвили 27-февралда.

Анткен, менен Комиссиянын төрагасы Баррозунун айтымында, Абхазия жана Түштүк Осетия маселелери Орусиянын катышуусу менен гана чечилиши мүмкүн жана Маскөө менен Тбилиси ортосундагы мамиле дагы жөнгө салынууга тийиш: "Орусия жана Грузия ортосундагы чечиле элек маселелер кызматташуу маанайында чечилет деген үмүт бизде өтө чоң", - деп билдирди Баррозу.

Аны менен катар Баррозу - революциядан кийин Грузияда ишке ашырылган реформаларды жогору баалады: "Акыркы үч жылдын ичинде биз өтө таасирлүү реформалар программасына күбө болдук, алар Грузияны - эркин экономикалуу заманбап демократияга айлантууда", - деп билдирди Европа комиссиясынын төрагасы.

НАТО менен Европа Биримдигине мүчө болуу маселелери талкууланганы менен, алар жөнүндө чоң жарыя жасалган жок, Баррозунун айтымында, Биримдиктин кошуна мамлекеттери менен кызматташуу программасына Грузия кеңири катышат. Яап де Хооп Схеффердин журналисттерге билдиргенине караганда болсо, НАТОго Грузия качан мүчө болуп кирээрин азырынча болжоп айтуу мүмкүн эмес, бирок кызматташуунун азыркы деңгээли деле жакшы. Саакашвили болсо Европа мамлекеттерин - виза тартибин жеңилдетүүгө жана эркин соода жүргүзүүгө чакырды. Жыйырма сегизинде анын сапарынын акыркы күнү.

XS
SM
MD
LG