Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Д.ҮСӨНОВ 1-ВИЦЕЛИКТИ 300 МИҢ ДОЛЛАР БЕРИП АЛГАНБЫ?


… Бакиевге ишене бербе, ал сөзүндө турбаган киши деп эскерткендер болгонун, өзү мүнөзү боюнча чыр-чатакка жакын эместигин, бирок, тандемдеши экөө такыр эле бөлөк киши экендигин, кызматтан кеткенде ага президент администрациясынын жетекчилик, коопсуздук кеңешинин катчылык кызматтары сунушталганын, бирок олтуруп алып кагаз кайтаргандан башка иши жок мындай кызматтарга ал таңсык болбогондугу үчүн баш тартканын, Данияр Үсөнов 1-вице-премьерлик орун үчүн 300 миң доллар бердим деп президенттин кабинетинде өзү кеп кылганын, жакында түзүлгөн фронттун башкы максаты- каалаган адамдардын тобу каалаган учурда бийликти басып алууга болбой турган мамлекеттик системаны орнотууга багытталганын, Маскөөдөгү жолугушуулары кыйла маанилүү болгондугун, дагы ушул сыяктуу бир катар суроолорго экс-премьер-министр Ф.Куловдун жообу бүгүн жарык көргөн «Дело№…» гезитине жарыяланды. ("Азаттык": Гезиттеги бул айыптоого Д. Үсөновдун жообун алуу аракетибиз азырынча майнап берген жок.)

Буга чейин эл арасында президенттин уулу Максим Бакиевге таандык деп жүргөн 5-телеканалды негиздегендердин бири Бермет Акаева болорун, анын артында кадимки Борис Березовский турарын, анын телеканалдан башка дагы Таластын алтын кендерине кызыкчылыгы барын «Энесай» гезити жазып чыкты.

Алматы МАИсинин катардагы инспектору айына 300-350, Маскөө МАИ инспектору- 400-500 доллар маяна аларын, алар баскан-турганына чейин заманбап техникалар менен камсыздалганын, ал эми айына 1200 сом айлык менен жашаган кыргыз МАИ инспекторунун бул күндө кийген кийими да качандыр кыйрап түшкөн СССРден калган мурас экенин кеп кылып, анан, канна, коорупцияны көргөзгүлөчү десе эле, врачтар менен мугалимдерди, мамлекеттик автоинспекциянын кызматкерлерине сөөмөй жаңсамай Кыргызстанда өнөкөт болуп калганын жазды «Аргументы и факты в Кыргызстане» гезити.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG