Бул тууралуу андай автоунаалардын ээлеринин бирикмесинин өкүлдөрү бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Алар парламент кабыл алып, президент кол койгон мыйзамга каршы чыгууда. Мыйзамда 2010-жылдан тарта Кыргызстанда оң ролдуу автоунааларды айдоого тыю салуу караштырылган. Биз мыйзамды жокко чыгарууну талап кылабыз. Эгерде бийлик аны укпаса оппозициялык күчтөрдүн саясий акцияларына кошулабыз, деп белгилешти оңчулдар. (AiT)