Бул тууралуу саммитти өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы президенттик администрациянын башчысы Мыктыбек Абдылдаев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, өзгөчө көңүл саммитте коопсуздукту камсыздоого, Бишкекти даярдоого бурулууда. Бишкек шаардык кеңеши саммитке 250 миллион сом бөлдү. Бюджеттен дагы 350 миллион сом каралууда. Тийиштүү иштерди өз убагына карай бүткөрөбүз, деп белгиледи Абдылдаев. (AiT)