Аталган кыймылдын өкүлү Элегия Мусаеванын айтымында, улуттук идеология - элдин дилине жана тилине негизделип, улуттук көз карашты камтып жана туура нукка алып бара алган касиетке ээ болушу керек. “Жебе” жаштар кыймылы ХИПКке каршы демилгенин алдында түзүлгөн жана анын курамында азыр онго жакын жаштар уюмдары бар. (ЕBM)