Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Исхак Масалиевдин билдирүүсүнө караганда, комиссиянын өкүлдөрүнүн Кыргызстанга сапарынын максаты өткөн жылы 30-декабрда кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясына бүтүм чыгаруу. Комиссия өкүлдөрү бүгүн өкмөт үйүндө президент, өкмөт башчы менен жолугушат. Андан кийин парламентарийлер менен жүз көрүшмөкчү. (AiT)