Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:44

16:30 Таш көмүр шаарындагы аскер бөлүгүндө жоокерлерди коргоо комитети түзүлдү


Ташкөмүр шаарындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу аскердик бөлүктө өткөн жыйналыштын катышуучулары жаш жоокерлерге чоң муштумдук кылган старшиналардын жорук жосундарын айыптап чыгышты. Өткөн жумада бөлүктү таштап кеткен беш жоокердин качуусуна себепкер болгон эки старшина кызматтан кетип, аларга тиешелүү иш аскер прокуратурасына бериле турган болду. Бөлүктө кайра кызмат өтөп жаткан качкын беш жоокерге Жалалабат облусундагы адам укугун коргоочу «Справедливость» уюмунун өкүлү психологиялык жардам көрсөттү. Мындай маалымат бүгүн аскердик бөлүктө болуп келген тармактык министрликтин түштүк аймактык бригадасынын командиринин орунбасары, полковник Азамат Зулфибаевден алынды.(YA)

XS
SM
MD
LG