Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:49

КАЗАКСТАНДА САЯСИЙ РЕФОРМАЛАР БОЛГОН ЖАТАТ


Казакстанда саясий реформаларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик комиссия бир жылдан бери иштеп келатат. Өткөн аптада комиссия президент Нурсултан Назарбаевге өлкөнүн саясий системасын реформалоо боюнча сунуштарын киргизди. Мамлекеттик Демократия Комиссиясынын сунуштарынын натыйжалуулугу канчалык?

Мамлекеттик администрациянын мүчөлөрү, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана саясатчылардан турган комиссия былтыр март айында түзүлүп, 22-февралдагы жыйынында президент Нурсултан Назарбаевге реформалардын топтомун сунуш кылды.

Сунуштардын эң орчундуусу өлкөнүн парламентине тийешелүү. Комиссиянын оюу боюнча парламенттин төмөнкү палатасы- Мажлиске шайлоонун форматы өзгөртүлүп, депутаттардын 50 проценти партиялык тизмелер менен, калганы бир мандаттык округдардан шайлануусу керек. Азыркы система боюнча Мажлистин депуттарынын 10 проценти гана партиялык тизмелер менен, ал эми 67 проценти бир мандаттык округдардан шайланат. Комиссия 77 орундуу Мажлисти чоңойтууну да сунуш кылды.

Президент Назарбаев Казакстанга күчтүү президенттик бийлик керек экенин баса белгилеп, андай болбосо демократияга эмес эле, бийликтин алсыздыгына алып келет, деп айтты. Буга ал Украинаны жана Кыргызстанды мисал келтирди. Президент Назарбаев ошондой эле Мажлисти чоңойтуунун кажети жок деп эсептейт. «Бизге андан көрө чакан, бирок иш билги парламент керек», деди ал. Ошону менен бирге эле ал парламенттин жогорку палатасы Сенатты Казакстандын Калктар Ассамблеясынан депутаттарынын эсебинен чоңойтууну колдоп чыкты. Президент өзүнүн айрым бийлик ыйгарымдарын парламент менен бөлүшүүгө да макул болду.

Бирок байкоочулар мындай өзгөртүүлөр президент Назарбаевдин бийлигин орчундуу чектемек тургай, аны кайра күчөтүп турганын белгилеп, Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү тек гана көз боемочулук катары сыпатташты. Анткени Калктар Ассамблеясынын өкүлдөрүнүн эсебинен кеңейтилген Мажлис баары бир президенттин айткан-дегенинен чыга албайт. Мажлистеги 77 орундун 46 президент Назарбаевдин «Нур Отан» партиясына таандык. Парламентте болсо оппозициянын болгону бир эле өкүлү бар. Башка саясий партияларды өз канатына басып алып жаткан «Нур Отан» партиясы келечекте дагы кеңейет дешет оппоненттер. Алар ошондой эле парламент мындан ары да президенттин кол жоолук парламенти болуп кала берет деп да санашат.

Ал эми «Нагыз Ак Жол» партиясынын өкүлү Серик Капаров президент Назарбаев алдыда келтирген мисалдар суу кечпейт деген көз карашта.

«Кыргызстан менен Украинада биз корко турган эч нерсе жок, ал жерде чын эле демократия орноп келатат. Жанагы митингилер, бийликтин калктын күчү менен алмашуусу. Ошондой болуу керек, аны биздин карапайым калк билбейт. «Кабар» жана өкмөттүк телевидение барат да ал жактагы окуяларды тасмага түшүрүп келип, бул жерден башкача түшүндүрүп айтышат» , -дейт Серик Капаров.

Комиссиянын алдыда аталган сунуштары парламентте талкууланып, же элдик референдумга коюлуп, колдоо тапкан соң, Конституцияга тийешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG